Дүйнөлүк басма сөз 21.07.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1458950
Дүйнөлүк басма сөз 21.07.2020

Le Parisien: Европа Биримдигинин саммитинин натыйжасында 27 мүчө мамлекет, куткаруу программасы боюнча макулдашкандарын жазган.

Le Monde: Францияда коронавирустун жаңы түрүнүн жайылуусунун ылдамдыгы бираз жогорулаганынын билдирген.

Le Soir (Бельгия): Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму  Африкада Ковид-19 пандемиясынын тездеп кетишине тынчсызданганын кабарлаган.

El País (Испания): Испаниянын премьер-министри Педро Санчестин, Европа Биримдигинин саммити учурунда "тең салмактуу" ролду ойногонун жазган.

La Vanguardia (Испания): Европа Биримдигинин экономикалык калыбына келтирүү боюнча ири келишимди бекиткенин маалымдаган.

Infobae (Аргентина): Венесуэлага кайтып келген мигранттарды "биотеррорист" деп атаган президент Николас Мадуро кечирим суроого аргасыз болгонун жазган.

Ньюсабах: Америка Кошмо Штаттарынын Коргоо министрлиги Пентагон: «Талибан менен түзүлгөн келишимге ылайык, биз (Афганистанда) беш аскердик базадан чыгып кеттик» дегенин билдирген.

Eldustur: Ковид-19 дүйнөлүк карызды 2020-жылдын биринчи чейрегинде 258 триллион долларга көтөргөнүн жазган.

Элкудс: Араб Лигасынын баш катчысы Ахмед Абул Гейт эл аралык коомчулукту йемендиктерди ачарчылыктан коргоо үчүн каржылык жардам боюнча милдеттенмелерин аткарууга чакырганын кабарлаган.

Deutsche Welle: «Гринпис - Германиянын курал-жарак экспорту менен системалуу түрдө принциптерди бузууда» деп билдирген.

Bild: «Эксперттер Ковид-19дун натыйжалары жөнүндө эскертишти - Германиянын экономикасы эң эрте 2022-жылы калыбына келет» деп жазган.

Тагесшау: «Европа Биримдигинин саммитинде макулдашуу - Триллион евролук каржы пакети даяр» деп кабарлаган.

Lenta.ru жаңылыктар сайты: Россиянын Коргоо министрлиги Ковид-19 вакцинасы даяр деп билдиргенин маалымдаган.

«Известия» гезити: Эл аралык каттамдар биринчи кезекте Россиянын 6 шаарында гана башталышы мүмкүн экенин жазган.

КТРК сайты: «Кыргызстанда коронавирус: бир сутка ичинде 42 бейтап каза болду» деп билдирген.



Тектеш кабарлар