Дүйнөлүк басма сөз-20.07.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Frankfurter Allgemeine Zeitung: Израиль өкмөтүнүн корона менен күрөшүү планын сынга алган миңдеген адам нааразычылык акцияларын өткөрдү.
Süddeutsche Zeitung: Германияда электрондук почта аркылуу жөнөтүлгөн ашкере улутчулдукту камтыган коркутуу билдирүүлөрү улантылууда.
Deutsche Welle: АКШнын Техас жана Аризона штаттарында Ковид-19 илдетинен каза болгон адамдардын саны көбөйүп кеткендигине байланыштуу моргдордо орун жетпей калды.
France 24 : Ковид-19 эпидемиясы Францияда кайрадан жандана баштаганы үчүн коомдук имараттын ичинде беткап кийүү дүйшөмбүдөн баштап кайрадан милдеттүү болуп, беткап кийбегендерге 135 евро айып пул салынат.
Le Soir : Коронавирус: Бельгияда бир жуманын ичинде жаңы жуккан учурлар 61% көбөйдү.
France 24 : Кувейт Эмири ооруканага жеткирилди, "Булуң аймагындагы арачынын" ден соолугуна байланыштуу санааркоолор бар.
Аль-Рая Аль-Катария (Катар): Сауд Арабиясы эл аралык мыйзамдарды бузган өлкөлөрдүн башында турат.
Эл-ЭМАРАТ ЭЛ-ЮМ (Бириккен Араб Эмирликтери): Сириялыктар жаңы парламент үчүн добуш беришти.
ВАТАН (Оман): Россия, Азербайжан менен Армениянын ортосундагы чыр-чатак менен бир убакта аскердик машыгууларды өткөрүүдө.
El Pais (Испания): Брюссельдин кысымы Испаниянын өкмөтүн бизнес реформасы боюнча пакетке өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мажбур кылууда.
El Mundo (Испания): Испания ушул жумада коронавирустун жайылышын көзөмөлдөө үчүн жаңы чечимдерди кабыл алат.
El Nacional (Венесуэла): Ковид-19 чара көрүүлөрүнүн натыйжасында Латын Америкасынын көп жеринде нааразычылык акциялары өтүп жатат: кеминде 8,5 миллион жаңы жумушсуздардын болушу күтүлүүдө.
Gazetem.ru жаңылыктар сайты: Россиядагы COVID-19 вакцинасынын клиникалык сыноолорунда жакшы кабар: Вакцинанын клиникалык сыноолору Бурденко ооруканасында аяктап, акыркы ыктыярчылар тобу чыгарылды.
«Коммерсант» гезити: Эгерде чартердик каттамдар башталса, Түркияга 3,5-4 миллион орусиялык турист барат.
Риа Новости: Италиялык илимпоздор ультрафиолет нурлары коронавирусту жок кылууга эффективдүү экендигин далилдеди.