Дүйнөлүк басма сөз 29.06.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1445342
Дүйнөлүк басма сөз 29.06.2020

Аддустур (Иордания): Палестинанын Боштондукка чыгуу уюмунун Аткаруу комитетинин башкы катчысы Саеб Эрекат: "Биз Иорданиянын (аннексияга) байланыштуу мамилесин бардык араб өлкөлөрүнөн күтөбүз"

Аль-Жазира: Аннексиялоо планы: палестиналык топтор ар тараптуу каршылык көрсөтүүгө чакырды.

Аль-Рая (Катар): Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) расмий өкүлү Батыш Шерианын аннексиялануусуна жол бербөө үчүн чара көрүлүшүн талап кылды.

Bild: Германиянын борбор шаары Берлиндеги парламенттин имаратына белгисиз адамдар тез күйүүчү зат ыргытышты.

Deutsche Welle: "Германияда эт абдан арзан" деген талкуу күч алды. Германиядагы эт комбинаттарында корона учурларынын көп катталышы, мал союучу жайлардагы иштөө шарттары начар болгондуктан эттин баасы өтө төмөн экени жөнүндөгү талкууларды жаратты. Эмне үчүн эт арзан жана баасы кандайча аныкталат?

Эль-Паис (Испания): Испания көмүр менен иштеген 7 жылуулук электр станцияларын жапты жана бул казылган отунду кайрадан жерге көмүү процесси башталды.

El Mundo (Испания): Ковид-19 пандемиясы Алжир жээктеринен Испаниянын Балеар аралдарына качкындардын агымын жандандырды.

El Nacional (Венесуэла): Венесуэлада катуу карантиндик чаралар көрүлгөн аймактарда банктын филиалдары иштебейт.

Le Monde: (Францияда) Жергиликтүү шайлоолор-2020: Франциянын ири шаарларындагы Жашылдар партиясынын тарыхый жеңиши.

France 24: Полициянын зомбулукка каршы күрөш: (Бир тууганы 2016-жылы Францияда полиция тарабынан өлтүрүлгөн африкалык тектүү) Франциянын жараны Асса Траоре АКШда сыйланды.

Ле Соир (Бельгия): Европа Кеңеши Бельгияны кирешелердин адилетсиздиги үчүн сынга алды.

Lenta.ru жаңылыктар сайты: Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко өлкөсүнүн дагы деле бөлүнүү коркунучунда тургандыгын билдирди.

Известия: Пандемиядан кийин Россияда диабет менен ооругандардын саны көбөйөт.

ТАСС: Дарыгерлер Россиянын Ковид-19 вакцинасын сынап көргөн адамдарда эч кандай терс таасирлер байкалбаганын билдиришти.

КТКР: Өлкө боюнча пневмония менен 300дөй киши ооруп жатат.



Тектеш кабарлар