Дүйнөлүк басма сөз 5.06.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

Al Quds Al Arabi (сауд-британ): Жорж Флойд үчүн Миннеаполисте акыркы сапарга узатуу зыйнаты.
Al Jazeera (Катар TV): Израиль Сирия режимине таандык аскердик бутага Хама айылында жаңы сокку урду.
Deutsche Welle: Коронавирустун көлөкөсүндө өткөн Дүйнөлүк Вакциналык Саммитте жакыр өлкөлөрдө вакцинаны иштеп чыгуу жана эмдөө программалары үчүн 8 миллиард еврого жакын каражат убада кылынды.
Stern: Укук коргоочулар АКШнын президенти Дональд Трампты демонстранттарга каршы полиция күчүн колдонгондугу үчүн сотко беришүүдө.
Süddeutsche Zeitung: Бразилия - Ковид-19 өлүмү эң көп катталган дүйнөдөгү үчүнчү өлкө.
El País (Испания): Кытайдагы жарганаттарда жүздөгөн коронавирустун жаңы түрлөрү аныкталды. Изилдөөлөр бул вирустун жаратылыштагы эбегейсиз көп түрдүүлүгүн ортого салды.
El Universal Мексикада Ковид-19дан каза тапкандардын саны 12 миңден ашты.
La Tercera (Чили): Ковид-19: Бразилия 1 миң 473 өлүм менен дүйнөдө илдеттен эң көп жабыркаган үчүнчү өлкө болду.
Le Monde: Пандемия дүйнөлүк ресурстардын колдонулушуна үч жумалык тыныгуу берди.
TASS: Россиянын Коргоо министрлиги, коронавирустук вакцинаны текшерүү үчүн ыктыярчылардын биринчи тобун тандады.
Ria Novosti: Москвадагы ооруканада Ковид-19 оорусун дарылоо үчүн жаңы эксперименталдык ыкма колдонулду.
İnterfaks: Россиянын Норильск дарыясында күйүүчү майды тазалоо үчүн түтүк жолу салынышы мүмкүн.
КТРК: Өлкөдө коронавирус жуктурган 37 жаңы учур катталды - Кыргызстан жаңылыктары