Дүйнөлүк басма сөз 4.06.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Le Figaro: (АКШда) Жорж Флойдду өлтүргөн полиция кызматкери азыр "киши өлтүрүү" боюнча айыпталууда.
France 24: (Францияда, Африка тектүү) Адама Траоре дагы америкалык Жорж Флойд сыяктуу 2016-жылы кармалган кезде полиция тарабынан муунтуп өлтүрүлгөн. Парижде миңдеген демонстранттар Адама Траоренин өлүмүнө каршы чогулушту.
France 24: Европада (коронавирустун айынан жабылган) чек аралар белгилүү шарттарда европалык туристтер үчүн ачылууда.
Al Quds Al Arabi: Ливиянын Улуттук Ынтымак өкмөтүнүн армиясы Триполи аэропортунда көзөмөлдү колго алды.
Al-Dustour (Иордания гезити): Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас коронавирустун жаңы түрүн жок кылуу максатында өзгөчө кырдаалды дагы 30 күнгө узартты.
AL Jazeera: Кувейттин премьер-министри Шейх Сабах Халид Эль-Хамад Эль-Сабах, Перс булуңундагы кризистин төртүнчү жылынан улам кайгысын билдирди жана тараптардын элдешүү аракеттери уланып жаткандыгын ырастады.
El Periódico (Испания): Испания дагы чек араларды ачуу жарышына катышкан.
Telesur (Венесуэла): Бразилиянын президенти Жейир Болсонаро Ковид-19 менен күрөшүүгө жумшала турчу каражаттарга бөгөт болду.
El Mercurio (Чили): Гидроксиxлорохин Ковид-19ду дарылоого байланыштуу талаш-тартыштарды жаратууда.
RBK: Маалымат каражаттары АКШнын «Түндүк агым 2» кууруна киргизген жаңы санкцияларынын максаттарын билишти.
‘Kommersant’: Орусия Ливия жаңжалынын тараптары АКШ, Түркия жана Египет менен байланыш курууларын активдештирди.
DW: Германияда жаңы 130 миллиард евролук колдоо пакети.
КТРК: СOVID-19 инфекциясынын жаңы 28 учур катталды - Кыргызстан жаңылыктары.