Дүйнөлүк басма сөз 2.06.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1427672
Дүйнөлүк басма сөз 2.06.2020

Süddeutsche Zeitung: Германиянын өндүрүш тармагы Ковид-19дун таасири менен май айында төмөндөдү.

zdf: (Германиянын авиакомпаниясы) Люфтганзанын инспекциялык кеңеши Европа Комиссиясынын шарттарын кабыл алып, 9 миллиард евролук жардам пакетин бекитти.

Frankfurter Allgemeine Zeitung: Бириккен Улуттар Уюму (БУУ): Европа Биримдиги өлкөлөрү Жер Ортолук деңизде эл аралык мыйзамдарды бузууда.

Al Jazeera (Катар): Египетте коронавирустун айынан дагы 8 доктур көз жумду... Египет өкмөтү коменданттык саатты кыскартууда.

Le Temps (Швейцария): Колунда Библиясы менен Дональд Трамп митингчилерге каршы күч колдоном деп коркутту.

France 24: АКШ: Жорж Флойддун расмий аутопсия отчетуна караганда, анын өлүмү "киши колдуу" болуп саналат.

El Pais: (Испания) Ири ооруканалардагы бейтаптардын дээрлик 60% Covid-19 коркунучунан улам операция жасоодон баш тартышууда.

El Mundo: (Испания) Айрым мектептер жакынкы мезгилде коронавирустун жаңы түрү менен күрөшүү үчүн зарыл болгон гигиена жана ден-соолукка керектелүүчү каражаттар үчүн жаңы тариф түзүүгө даярданышууда.

TeleSur: (Венесуэла) Боливияда коронавируска чалдыккандардын саны 10.000ден ашты, акыркы 24 саатта 549 ​​жаңы учур менен жалпы 10 531 болду.

RİA Novosti: Россиянын Коргоо министрлиги коронавируска каршы жергиликтүү вакцинанын клиникалык сыноолору үчүн ыктыярчыларды тандады- бешөө аялдан турган 50 аскердик кызматкер.

Lenta.ru: Путин конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн жалпы элдик добуш берүү күнүн жарыялады.

TASS: Украина Берлинде Россиянын энергетикалык булактарына карата эмбарго коюу маселесин көтөрүүнү пландаштырууда.

КТРК: Кыргызстан: СOVID-19 инфекциясынын жаңы 28 учур катталды.



Тектеш кабарлар