Дүйнөлүк басма сөз 29.05.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскча маалыматтар.

1425431
Дүйнөлүк басма сөз 29.05.2020

Deutsche Welle : Германиянын Тышкы иштер министрлиги беш жыл мурун Федералдык парламенттин интернет тармагына жасалган кибер чабуулдан улам Россияга катуу эскертүү берди.

Frankfurter Allgemeine Zeitung: Улуу Британияда коронавирустун айынан үзгүлтүккө учураган Премьер-Лигасы 17-июнда кайра башталат.

Le Soir: Францияда мектептер, лицейлер, барлар жана ресторандар 2-июнда ачылат.

Le Monde: Америка: АКШнын президенти Дональд Трамп социалдык медиа тармактарын артыкчылыктардан ажыратууну каалайт.

France 24: Францияда туризм кийинки шейшемби күнү кайрадан жанданат.

Eldustur:  Коронанын себебинен Нил дарыясынын жээги Орозо айт маалында бош калды.

Elquds: Корона көптөгөн лидерлердин ийгиликсиздигин аныктады.

Elayyam: Израиль коронанын экинчи толкунуна каршы 100 миң тест кылат.

El Mundo (Испания): Испаниянын саламаттык сактоо министри Сальвадор Илла Ковид-19 күзүндө кайрадан чоң толкун жаратышы мүмкүн деди.

El Pais (Испания): Тесттердин жетишсиздиги жана тилектештиктин жоктугу Европа Бирлигинин коронавирус согушун начарлатты.

El Nacional (Венесуэла): Колумбияда карантин узартылат жана сентябрь айында эл аралык каттамдар башталат.

Известия: Москвада дагы 3 миң 474 Ковид-19 бейтабы айыгып чыкты.

Tass : Россияда Эмгек министрлиги пандемия учурунда кызматкерлерди иштен бошотууга чектөөчү эрежелерди киргизди.

Ria Novosti: Россиянын Дагестан Автономиялык Республикасында коронавируска каршы күрөшүү максатында көчмө ооруканалар курулду.

КТРК: Кыргызстан: СOVID-19 инфекциясынын жаңы 68 учур катталды.



Тектеш кабарлар