Дүйнөлүк басма сөз 13.04.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1416426
Дүйнөлүк басма сөз 13.04.2020

Frankfurter Allgemeine Zeitung: Германиянын канцлери Ангела Меркель коронавирустун (Ковид-19) кесепетинен коңшу мамлекеттерге жабылган чек аралардын кайрадан ачылышын каалайт.

Al Quds Al Arabi (сауд-британ): Түркия, Бириккен Араб Эмираттарын Жакынкы Чыгышта башаламандыкты жаюуда деп айыптады.

Al Raye Al Qatariyye (Катар): Катар менен Америка Кошмо Штаттары аскердик кызматташууну күчтөндүрүүдө.

Al Jazeera (Катар TV): Америкалык институт коронага каршы вакцина күзгө чейин иштелип чыкпайт деп болжолдоп жатат... Вирус болсо Кремлдин (Россиянын Президенттик сарайы) эшиктерин кагат.

El País (Испания): Испаниянын Саламаттык сактоо министрлиги маскаларды бардык коомдук жайларда милдеттүү түрдө колдонуу үстүндө иштеп жатат.

Infobae (Аргентина): (Венесуэланын президенти, Николас) Мадуро коронавирустун кесепетинен Венесуэладагы кооптуу абалды 13-июнга чейин узартты.

El Mundo (Испания): Брюссель Испаниянын туристтерди карантинге мажбурлаган деп шек санап жатат.

Le Figaro : Тамеки чеккендердин төрттөн бири карантин учурунда тамеки тартууну ого бетер көбөйттү.

Le Soir : Коронавирус кыйыр түрдө күнүнө 6000 баланын өлүмүнө алып келиши мүмкүн.

RİA Novosti: Кремлдин басма сөз катчысы Песков жана анын жубайы, Дүйнөлүк Олимпиада чемпиону Татьяна Навка коронавирус инфекциясы менен ооруканага жаткырылды.

TASS: Ковид-19 бейтаптары дарыланып жаткан Санкт-Петербургдагы ооруканадан чыккан өрттөн кийин АКШнын мамлекеттик кызматкерлери Россиядан келген дем алдыруучу аппараттарды кайтарып беришти. (Анткени алар өрткө себеп болушу мүмкүн.)

rbc.ru:  Музейдеги Түнкү иш-чара коронавируска байланыштуу Москвада онлайн режиминде өтөт.

КТРК: Кыргызстан: СOVID-19 инфекциясынын жаңы 7 учур катталды.



Тектеш кабарлар