Дүйнөлүк басма сөз 30.04.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Al Quds Al Arabi: Bloomberg: Сирия режиминин лидери Башар Асад Россиянын президенти Владимир Путин үчүн эми баш оорууга себеп болууда жана Кремль Асад режимин күнөөлөп жатат.
AL Jazeera: Жо Байден эгерде АКШда президент болуп шайланып калса, АКШ элчилигин Кудста кармап турууга убада берди.
AL Jazeera: Дүйнө жүзүндө 1 миллиондон ашык адам коронавирустан айыкты жана эки кишинин каза болушу менен Йеменде биринчи өлүм катталды.
Le Monde: Карантин абанын булганышын азайтып, бир айдын ичинде Европада 11 миң кишинин абанын булганышынан каза табышына бөгөт болду.
France 24: Франция карантинден кийин велосипед колдонууга үндөш үчүн 20 миллион евролук каражат бөлөт.
Rp-online: Германия эл аралык саякат эскертүүсүн 14-июнга чейин узартты.
Spiegel: Германиянын Экономикалык изилдөө институту: «Канцлер Ангела Меркелдин сөздөрү германиялык керектөөчүлөрдүн жүрүм-турумуна таасир этүүдө».
Stern: Германиянын экономика министри Питер Алтмайер: «Германиянын экономикасы алты пайызга кыскарат».
ABC : Испаниянын премьер-министри Педро Санчес Испаниянын экономикалык абалы өтө оор экендигин мойнуна алды.
RT кабар сайты: Россиянын Екатеринбург шаарында террордук чабуулга даярданып жатканда колго түшкөн 3 кишинин ДЕАШ мүчөсү экендиги аныкталды.
Lenta.ru сайты: Россияда коронавирус пандемиясы май айынын орто ченинде эң жогорку чегине жетээри кабарланды.
Известия: Россияда пиво өндүрүүчүлөргө убактылуу антисептиктерди чыгарууга уруксат берилет.
КТРК: СOVID-19 инфекциясынын жаңы 17 учур катталды.