Дүйнөлүк басма сөз 6.04.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Elkuds alarabi: Мароккодо коронанын себебинен каза тапкандардын саны жетимишке, вирусту жуктуруп алгандардын саны 1 миң 21ге жетти.
Deutsche Welle: Германиянын Канцлердик жетекчилигине караганда алдыда анык оор күндөр турат.
Welt.de: АКШда коронага чалдыккандардын саны үч эсе көбөйдү.
Spiegel.de: АКШнын президенти Трамп Нью-Йорк аймагындагы коронавирус менен күрөшүүгө миң аскер жөнөтүүдө.
El País (Испания): Коронавирус: Испанияда 12 миң 562 киши каза болуп, 130 миңден ашуун адам вирусту жуктуруп алды.
Infobae (Аргентина): Перуда бир күндө 535 жаңы бейтап катталды.
Le Figaro: Ковид-19дун себебинен Европада үмүт, АКШда тынчсыздануу бар.
Libération: Ковид-19: Англиянын премьер-министри Борис Жонсон ооруканага жаткырылды.
Tass: Орусиянын Приморье аймагында көчөгө чыгуу үчүн электрондук уруксат тартиби 7-апрелден тарта күчүнө кирет.
Vesti.ru: Орусияда Роспотребнадзор үйдө коронавирус тестин кылууну ишке киргизет.
Russia Today: Орусиянын каржы министри Антон, өлкөнүн жаңы экономикалык чындыгына даяр экенин айтты.