Дүйнөлүк басма сөз 25.03.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

Дүйнөлүк басма сөз 25.03.2020

 

Al Raya (Катар): Кувейт, Оман жана Суданда коронавирусту жуктурган жаңы бейтаптар аныкталды. Сауд Арабияда вирустан каза тапкан биринчи адам катталды.

Al Sharq Al Awsat: Ковид-19дун себебинен дүйнөнүн жалпысында 2,6 миллиарддан ашуун адам «үйдөн чыкпа» чакырыгына баш ийүүдө.

AL Jazeera: Вирустар бир-бирден келбей эле. Коронавирустан кийин Кытайда хантавирус пайда болду. Бул вирус чычкандардан жугууда.

Deutsche Welle: Германия буюртма берген 6 миллион маска жоголуп кетти. Маскалардын буюртма берилген Кенияда жоголуп кеткендиги божомолдонууда.

Tagesschau: Токио-2020 Олимпиадалык оюндарынын коронавирустан улам келээрки жылга жылдырылгандыгы билдирилди.

Handelsblatt.com: Экономисттер коронавирустун немис экономикасына кеминде жарым триллион евролук чыгашага, бир миллиондон ашуун кишинин да жумушсуз калышына себеп болоорун божомолдоп жатышат.

«İzvestiya» гезити: Москвада оору жеңил байкалган учурунда коронавирустун үйдөн дарыланышына уруксат берилди.

Rambler сайты: Американын «National Interest» журналы Орусиянын T-95 танкасын НАТО үчүн «коркунучтуу түш» деп сыпаттады.

El País: Испанияда Ковид-19дан каза тапкандардын саны 2 миң 937ге, ооруга чалдыккандардын саны болсо 41 миң 900гө жетти.

El Clarin: Аргентинада жаңы 86 бейтап катталып, коронавирусту жуктургандардын саны 387ге жетти.

France 24: Коронавирус: Кытай Хубей аймагындагы чектөөлөрдү алып салды.

КТРК: Коронавирусту аныктоочу кошумча 30 миң экспресс-тест сатып алынат.

 



Тектеш кабарлар