Дүйнөлүк басма сөз 26.02.2020

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1366697
Дүйнөлүк басма сөз 26.02.2020

Alsharq Alawsat (сауд-британ): АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео, Иранга чакырык салып коронавирус тууралуу чындыктарды айтуусун талап кылганын билдирген.

VATAN (Оман): Египеттин бийликтен кулатылган президенти Хүснү Мүбаректин көз жумганын кабарлаган. Египетте үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

Deutsche Welle: Берлиндин ички иштер министри Андреас Гейзель, провинциядагы мечиттердин аскер кийимчен жана жарандык кошуундар тарабынан дагы жакшы корголо турганын айтканын жазган.

Handelsblatt.com: Немис өкмөтү, грек аралдарына качкындардын өтүүсүн азайтуу үчүн Түрк жээк коопсуздугун сактоочу кызматына 32 миллион евролук колдоо көрсөтүүгө даярданып жатканын маалымдаган.

Le Monde: Францияда коронавирусту жуктурган дагы эки кишинин катталганын билдирген.

El País, Испания: Мадрид коронавирусту жуктурган биринчи адамдын катталганын ырастады жана Тенерифе аралында да вирусту жуктурган 4 кишинин аныкталганын кабарлаган.

Ajans EFE, Испания: Брюссель менен Европа Биримдиги өлкөлөрү Covid-19дун себебинен чек араларды жабуу ыктымалдуулугун карап жаткандарын маалымдаган.

Telesur, Венесуэла: Орусия менен Венесуэланын тышкы иштер министрлери кызматташууну бекемдөө үчүн жолуккандарын жазган.

TASS: АКШнын президенти Трамп Украинадагы абалдан улам Орусияга каршы киргизилген санкцияларды дагы бир жылга узартканын билдирген.

«Известия»: Орусиянын адамдын бейпилдигин жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо кызматы (Роспотренбнадзор), коронавирустун себебинен орустарды Италия, Түштүк Корея жана Иранга саякаттары темасында эскерткенин жазган.

КТРК: Кыргызстанга Англиянын туристтерин тартуу аракети көрүлүп жатканын билдирген.

 



Тектеш кабарлар