Дүйнөлүк басма сөз 12.02.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Al-Raya Al-Katariya (Катар): Президент Эрдоган: «Аскерлерибизге кол салгандар оор чыгымга учуратылат» дегенин билдирген.
Alsharq Alawsat (сауд-британ): Президент Эрдоган бүгүн Сирияда таштала турчу кадамдарды жарыялай турганын жана Вашингтон менен НАТОнун Анкаранын мамилесин колдогондорун жазган.
Le Parisien: «Экология-Франциянын президенти Эммануэль Макрон жаңылыштык кылуу укугу жок» деген теманы койгон.
Le Soir (Бельгия) : «Вьетнам менен көздөлгөн эркин соода келишими, Европа парламентин тереңден бөлүүдө» деп билдирген.
Welt: Германиялыктардын жарымына караганда 2030-жылга чейин оң популисттик партия АфД бийликке келе турганын жазган.
Handelsblatt.com: Хорватияда көптөн бери экономикалык кризис болуп жатканын, жумуш таба албаган көп сандаган адамдын өлкөнү таштап кетип жатканын кабарлаган.
El Mundo (Испания): Трамп 21-апрелде Испаниянын падышасы Филипп VI Ак үйдө тосуп ала турганын маалымдаган.
El País (Испания): Хуан Гуайдо саясий чыңалуунун ортосунда Венесуэлага кайтып барганын жазган.
‘Известия’ гезити: Беларустан келген мыйзамсыз тамекилер дээрлик Орусиянын бардык аймактарына жеткенин кабарлаган.
Gazeta.ru: Пентагон, орус флотунун активдешкенин көрсөткөн карта жарыялаганын маалымдаган.
КТРК: 2020-жылдын январь айында Кыргызстандын экономикасы 1,8 %га өскөнүн билдирген.