Дүйнөлүк басма сөз 6.02.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

Al Quds Al Arabi: Израиль учактары, Газа тилкесиндеги Палестинанын жерлерин бомбалагандарын билдирген.
Al Jazeera: «Коронавируска каршы таасирдүү дары жок. Кытайда жана дүйнөдө карантинге алынгандардын, каза тапкандардын саны көбөйүп баратат» деп жазган.
AlJazeera: Эрдоган Дамаскка мөөнөт бергенден кийин көп өтпөй Сирия режими Саракиб аймагына кол салганын, Түркиянын болсо жооп кайтаргандыгын кабарлаган.
Deutsche Welle: «Сирия маселеси: Эрдоган Асаддан аскердик бөлүктөрүн артка тартууну талап кылды» деп билдирген.
Süddeutsche Zeitung: Түркиянын чыгышында кар көчкүнүн айынан көп сандаган адамдын набыт болгонун жазган.
Infobae (Аргентина): АКШнын президенти Трамп, венесуэлалык оппозициячыл Хуан Гуайдону Ак үйдө кабыл алганын маалымдаган.
Le Figaro : Францияда пенсиялык реформага каршы бүгүн митингдердин өткөрүлүшү күтүлүп жатканын билдирген.
Le Monde : АКШнын президенти Трамп импичмент териштирүүсүндө акталганын жазган.
Le Parisien : Голливуддун акыркы легендарлуу актёрлорунан Кирк Дугластун дүйнөдөн кайтканын кабарлаган.
РИА Новости агенттиги: ‘Известия’ гезити турак үйлөрдүн баасы 25 пайыз көтөрүлүшү мүмкүн экенин жазып чыкканын билдирген.
TASS: Орусиянын элчиси Япониядагы жүргүнчү кемесиндеги орусиялыктарда коронавирустун белгилери табылбаганын маалымдаганын жазган.
КТРК: «Баткенге Кытайдан келген 2 жаранда тең коронавирус аныкталган жок» деп билдирген.