Дүйнөлүк басма сөз 21.01.2020
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Alsharq Alawsat (сауд-британ): Президент Эрдоган: «Ливияга кеңешчи жана тренерлерди жибердик».
Al-Raya Al-Katariya (Катар): Германия, Ливияга байланыштуу февралда жаңы конференция өткөрүлө турганын билдирди.
Al-Ayam (Бахрейн): Багдаддагы Америка элчилигине жакын жерге үч ракета атылды.
Spiegel.de: Германияда куш тумоосу аныкталды.
Orf.de: Түркия Сомали жээктеринде мунай издейт.
El País, Испания: Испаниядагы «Глория» шамалы 4 адамдын өмүрүн алды.
«Известия» гезити: Орусияда Томск аймагындагы өрттөн 11 киши көз жумду.
Lenta.ru сайты: Орусиянын президенти Владимир Путин конституцияга өзгөртүү киргизүүгө байланыштуу мыйзам долбоорун Думага тапшырды.
TASS агенттиги: Минск 80 тонна норвег мунайын сатып алгандыгы жөнүндөгү кабарды ырастады.
France 24 : Импичмент доосунда, АКШнын президенти Трамптын адвокаттары дароо акталышын каалап жатат.
КТРК: Кыргыз-өзбек чек арасынын 85 чакырымы сүйлөшүүнүн негизинде чечилет.