Дүйнөлүк басма сөз 26.12.2019
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Al Jazeera: Эрдоган: «Хафтердин мыйзамдуулугу жок. Акчага жалданган судандык жана орусиялык аскерлер Ливияда согушууда» дегенин жазган.
Al Quds Al Arabi: Эрдоган Тунис, Алжир жана Катардын Ливия боюнча Берлин саммитине катышуусун колдоп жатканын билдирген.
Al Quds Al Arabi: Путин, Орусия менен Израилдин төрт жолу кагылышып кете жаздаганын айтканын жазган.
Deutsche Welle: Эрдоган: «Ливияда тез арада ок атышуулар токтотулушу керек» дегенин билдирген.
Süddeutsche Zeitung: Израилдин учактары Газага кол салганын кабарлаган.
Obzor.press: Путин 5 генералды кызматтан алганын маалымдаган.
Lenta. ru: Орусиянын энергетика министри Новак: «Түндүк агым-2» түтүк жолу санкцияларга карабастан курулат» дегенин жазган.
Prensa Latina, Куба: Сирия, мунайын уурдагандыгы үчүн Вашингтонго доо койгонун билдирген.
Libération: Францияда пенсиялык реформага каршы митингдердин уланып жатканын кабарлаган.
КТРК: Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак Жол” өткөрүү пункту реконструкциялана турганын жазган.