Дүйнөлүк басма сөз 29.11.2019

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

Дүйнөлүк басма сөз 29.11.2019

 

«Аль Рая Аль Катария» : Президент Эрдоган Ислам дүйнөсүнө чакырык салып: «Өзүбүзгө ишенишибиз жана күчүбүздү билишибиз керек»,-деди .

Аль Шарк Аль Авсат: Ирактын түштүгүндө абал курч.

Deutsche Welle: Германияда жаздык астында чогулган каражат 235 миллиард евро.

Spiegel: Автомобиль өндүрүүчүлөрү 2021-жылдан тарта Европада сатылган ар бир жаңы унаанын чыныгы күүчү май көлөмүн Европа Биримдигине билдирет.

Telesur (Венесуэла): Колумбиянын баш калаасы Боготадагы жалпы иш таштоо уланып жатат.

France 24: Ооганстанга күтүлбөгөн сапар жасаган АКШнын президенти Трамп, Талибан менен сүйлөшүүлөрдүн кайрадан башталганын билдирди.

Libération: Саламаттык сактоо: 2019-жылы төрөлгөн балдар өмүр бою климаттык өзгөрүүдөн таасирленет.

РИА Новости: Украинанын парламенти Радада Орусия менен газ келишими темасы талкууланды.

ТАСС агенттиги: Англиянын коргоо министри, Орусиянын НАТО үчүн коркунуч жаратканын айтты.  

«Известия» гезити: Благовещенск шаарында Кытай менен Орусияны байланыштырган жалгыз көпүрөнүн курулушу аяктады.

КТРК: Жамааттык коопсуздук кенешинин жыйынынында 15 документке кол коюлду.

 



Тектеш кабарлар