Дүйнөлүк басма сөз 28.11.2019
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
«Нойе Цюрхер Цайтунг» гезити: Германияга кайткан 116 ДЕАШ террористти туурасында териштирүү башталганын жазган.
Тагесшау: Германиянын 2021-жылдан тарта НАТОго дагы көбүрөөк акча төлөй турганын билдирген.
AlJazeera: Ливиянын улуттук өкмөтү Түркия менен меморандумга кол койгонун кабарлаган.
Аль-Кудс Аль-Араби: БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш, «Палестина элине тилектештик көрсөтүү» күнүндө: «Мыйзамсыз турак үйлөргө макул эмеспиз жана Газанын кыйынчылык тартуусу аякташы керек»,-дегенин жазган.
Le Figaro: «Ирандын атомдук программасы: Париж БУУнун санкцияларынын артка кайтарылышын талкуулап жатат» деп билдирген.
Russia Today: Украинанын парламенти Рада, Орусия тарабынан кайра берилген кемелерди «калай куту» деп сыпаттаганын жазган.
RBK: Франциянын президенти Макрондун Орусиянын президенти Путиндин катына каршылык көрсөтүүсү басма сөздө жаңырык тапканын маалымдаган. Путин катта Европага орто жана алыс аралыкка атуучу ракета жайгаштырылышына тыюу салынышын сунуштаган.
Коммерсант гезити: Украинанын «Нафтогаз» компаниясы, Орусиянын «Газпром» команиясынын 1-январдан тарта Украинага газ өткөрүүнү токтотушу мүмкүн экенин билдиргенин жазган.
La Vanguardia (Испания): Беш өлкөнүн катышуусунда өткөрүлгөн биргелешкен операцияда Европанын алгачкы суунун түбүндө сүзүп жүрүүчү наркотикалык кемесинин Испаниянын Галисия аймагында кармалгандыгын маалымдаган.
КТРК: Бишкекте ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясы өтүп жатканын билдирген. Жыйынга Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Беларусь Президенти Александр Лукашенко, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Россиянын Президенти Владимир Путин, Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян жана Жамааттык коопсуздук кеңешинин Башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков катышып жатат.