Дүйнөлүк басма сөз 5.11.2019
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
«Аль-Шарк Аль-Авсат» (сауд-британ): Ирактын баш калаасы Багдадда митингдердин күчөгөнүн жана 5 демонстранттын көз жумганын билдирген.
«Аль Рая Аль Катария» (Катар): Ливанда митингдер курчуп, жалпы иш таштоо чакырыгы салынганын кабарлаган.
«Хандельсблат» сайты: Германиянын канцлери Меркель Индия сапарынан соода сектору үчүн так нерселер менен кайтпаганын жазган.
Le Monde: Шанхайда Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Кытайды сырт менен көбүрөөк байланышууга чакырганын маалымдаган.
Le Figaro: Франция, АКШнын глобалдык климат боюнча Париж келишиминен расмий чыгышына капа болгонун билдиргенин кабарлаган.
Кларин (Аргентина): Чилиде нааразылык акциялары уланып жатканын жазган.
Lenta.ru сайты: Украина Орусия менен газ транзитин тототууга даяр экенин белгилегенин билдирген.
Regnum агенттиги: Украинанын эл аралык коомчулукка, Керчь кысыгында украиналык кемелерди токтоткондугу үчүн Орусияга кысым көрсөтүүлөрү чакырыгын салганын маалымдаган.
Russia Today: Радиоэлектрондук согуш болгон учурда АКШ Орусияга жана Кытайга жеңилип калышы мүмкүн экенин жазган.
КТРК: Эл аралык террористтик топтун мүчөсү кармалганын билдирген.