Дүйнөлүк басма сөз 25.07.2019

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1242218
Дүйнөлүк басма сөз 25.07.2019

 

Сауд-британ «Альшарк Алавсат» гезити: Камакка алуулар, Сириянын түштүгүндөгү жашоонун калыбына келишине тоскоол болуп жатканын билдирген.

«Аль- Рая Аль- Катария» гезити (Катар): Кувейт Израилдин Кудстагы акыркы мамилеси аймакты коркунучка салганын айтканын жазган.

«Ал Хаят» гезити (Ливан): Сомалидеги БУУнун кызматкерине кол салуу болгонун кабарлаган.

Deutsche Welle: «Германияда мечиттер коркунучта турат- көзөмөл мамлекеттики» деген теманы койгон.

Morgenpost: Абаны тазалоо долбоорунун алкагында Берлин Сенаты шаардын борборунда дизелдүү унааларга тыюу салганын маалымдаган.

Le Monde (Франция): Францияда күн катуу ысып жатканын жазган.

Le Temps (Швейцария): «Учурдагы глобалдык жылуулуктун окшошу акыркы 2000 жылдын ичинде болуп көргөн эмес» деген теманы койгон.

El Mundo (Испания): Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, орто эсеп менен 1 миллиард жаш улан-кыздын абдан катуу үн менен музыка угуу көнүмүшүнүн себебинен укпай калуу  коркунучу бар экенин билдирген жазган.

РИА Новости: Банкттык эксперттердин пикири боюнча, доллар жакында дүйнөлүк резервдик акча статусунан ажырай турганын кабарлаган.  

ТАСС агенттиги: Forbesке караганда, Нурмагомедов 2019-жылы Орусиядагы эң ийгиликтүү спортчулардын тизмесинде биринчи орунда тургандыгын маалымдаган.

КТРК: Кыргызстандын аймагында жапайы жаныбарлардын саны өскөнүн билдирген.

 



Тектеш кабарлар