Дүйнөлүк басма сөз 24.04.2019

Дүйнөлүк басма сөздөгү кыскача маалыматтар.

1188901
Дүйнөлүк басма сөз 24.04.2019

 

Deutsche Welle (DW): Шри-Ланкада 350дөн ашуун кишинин өмүрүн алган кол салуулардын жоопкерчилигин ДЕАШ мойнуна алганын билдирген.

Spiegel Online: Германиянын канцлери Анкела Меркель Украинадагы президенттик шайлоону жеңген Зелинскийди Германияга чакырганын жазган.

Сауд-британ «Альшарк Алавсат» гезити: Израилдин премьер-министри Нетаньяху, Голан дөңсөөлөрүндөгү бир жергеге Трамптын атын койгонун маалымдаган.

«Аль-Рая Аль-Катария» гезити: Сауд Арабия эч кандай себеп көрсөтпөстөн иорданиялык журналистти эки айдан бери камакта кармап турганын билдирген.

«Аль Хаят» гезити: «Египет, Судандагы абал каралган Африка саммитине кожоюндук кылууда» деген теманы койгон.

«La Tercera» гезити: Чилинин президенти Пиньера, Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен жолугушканын маалымдаган.

Haberrus сайты: АКШ С-400дөрдүн себебинен Түркиядагы базаларын Грецияга көчүрүшү мүмкүн экенин жазган.

ТАСС агенттиги: Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ындын Орусиянын Владивосток шаарына зооттолгон поезд менен бара жатканын билдирген.

Obzor press сайты: Кремлдин Путин Зелинскийди куттакташы үчүн азырынча эрте экенин маалымдаганын жазган.

Франциядагы «Libération» гезити: «Иран мунай затына толук эмбарго: Трамп түздөн-түз одоно мунай затка кол салууда» деген теманы койгон.

КТРКнын сайты: Ысык-Көлдө ат чабыш боюнча эл аралык турнир өтө турганын билдирген.



Тектеш кабарлар