Дүйнөлүк басма сөз 15.04.2019
Дүйнөлүк басма сөздөгү кыскача маалыматтар.
«Альшарк Алавсат» гезити: Судан көз карандысыз талапкердин жетекчилигиндеги жарандык өкмөткө карай баратканын билдирген.
«Аль-Рая Аль-Катария» гезити: Коопсуздуктун себебинен Израиль делегациясы Бахрейнге сапарын токтотконун маалымдаган.
Перудагы «El Comercio» гезити: Майк Помпео: «Николас Мадуро үчүн эми Венесуэлада келечек жок» дегенин жазган.
Венесуэладагы «El Universal» гезити: 14 өлкөдөн турган Лима тобу, Венесуэладагы кырдаалды сүйлөшүү үчүн бүгүн Чилиге чогула турганын билдирген.
Тасс агенттиги: Түндүк Кореянын басма сөзү президент Ким Чен Ындын Орусияга сапарын алдыдагы жумада ишке ашыра турганын билдиргенин жазган.
Lenta.ru сайты: АКШнын санкция тизмесинен январда чыгарылган ишкер Олег Дерипаскага таандык Русал компаниясы АКШда алюминий заводун курганын маалымдаган.
Германиядагы Elektroauto-News.net сайты: Түркия жергиликтүү E-Volkswagen пландап жатканын билдирген.
DW: «Нигериялык бозгундар Германиядан башпаанек сурап жатышат» деген теманы койгон.
Spiegel Online: канцлер Ангела Меркель Украинанын президенти Порошенко менен жолугушканы үчүн сынга алынганын жазган.
Le Parisien: АКШ Франция менен Венесуэлага карата жардам фондун түзүүнү пландап жатканын маалымдаган.
Le Figaro: «Трамп менен Нетаньяху Жакынкы Чыгышты баш аламан кылабы?» деген теманы койгон.
КТРКнын сайты: Президент Сооронбай Жээнбеков расмий визит менен Германияга барганын билдирген.