Дүйнөлүк басма сөз 13.02.2019
Дүйнөлүк басма сөздөгү маалыматтардын башкы темалары.
Сауд-британ «Альшарк Алавсат» гезити: «АКШнын коргоо министринин орун басары Шанахан, АКШнын Ирактагы тынчсыздануусун жоюу үчүн Багдадга күтүлбөгөн сапар жасады»,-деп жазган.
Ливанда басылып чыккан «El-Mustаkbal» гезити: Түркия 22-февралда Ооганстанга байланыштуу Орусия-АКШ сүйлөшүүлөрүнүнө жетекчилик кылаарын билдирген.
Катардык «Аль-Рая Аль-Катария» гезити: Катар Иран менен аймак өлкөлөрүнүн ортосундагы диалогду колдогонун билдиргенин маалымдаган.
Германиядагы T-Online сайты: «Түркиядагы төңкөрүш аракети-миңден ашуун Гүлен жактоочусу изделип жатат»,- деп жазган.
DW медиа мекемеси: «Дипломатиялык алакалар-Сауд Арабиянын Германиядагы жаңы элчиси талкуу жаратты»,-деп билдирген.
ARD каналы: «Түндүк агым-2» долбоору боюнча Европа Биримдигинин макулдашуу жолунда экенин жазган.
Францияда басылып чыккан «Le Figaro» гезити: Сары кемселчендерден мурдагы мушкер Кристоф Деттингер эки полиция кызматкерин токмоктогону үчүн сот алдына чыкканын билдирген.
«France 24» каналы: «Бельгиядагы жалпы иш таштоодон улам бул өлкөгө барган же бул өлкөдөн келген эч бир учак жок»,-деп жазган.
Испаниядагы «El Mundo» гезити: Венесуэланын президенти Мадуронун: «Венесуэла ач калган өлкө эмес. Өлкөбүздө көптөгөн азык өсөт»,- дегенин маалымдаган.
Орусияда басылып чыккан «Коммерсант» гезити: Москва аэропортторунда калың кардын себебинен 40тан ашуун учак каттамынын кечеңдетилгенин же жоюлганын билдирген.
ТАСС маалымат агенттиги: Англиянын Тышкы иштер министрлиги, Европа Биримдиги менен Орусияга каршы жаңы санкцияларды сүйлөшкөнүн ырастаганын маалымдаган.
«Известия» гезити: Орусия парламентинин төмөнкү палатасы Дума, Батыштын жаңы санкцияларын «көнүмүш» катары сыпаттаганын жазган.
Ал эми КТРКнын сайты: «Коопсуз шаар» долбоорунун иштеп жатканын билдирген.