Дүйнөлүк басма сөздө бир жума

Дүйнөлүк Басма сөздө Түркия тууралуу чыккан кабарлар.

1067444
Дүйнөлүк басма сөздө бир жума

Орусиянын үнү радиосу: Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процессиндеги азгыруу тактикасынын ичиндеги Биримдиктин мүчөлөрүнө дагы бир жолу каршылык көрсөткөн президент Режеп Таййип Эрдоган: «Ала турган болсоңуз белгилерди бергиле, албай турган болсоңуз муну да айтыңыз. Биз сизди чарчатпайлы, сиз да бизди чарчатпаңыз. Сиз өз жолуңузду, биз да өз жолубузду уланталы»,-деди.

 

Франция, AFP: Президент Режеп Таййип Эрдоган, жоголгон сауд тектүү журналист Жемал Кашыкчынын Стамбулдагы Сауд Арабиянын Башкы консулдугунан чындап эле чыкканын далилдеген камера видеолорун көрсөтүшү үчүн Риядга дагы бир жолу кысым көрсөттү жана Түркиянын «үн катпай калбай турганы» жөнүндө эскертти.

 

Германия, DPA: Түркия менен Сауд Арабия Стамбулда жоголгон сауд журналист Жемал Кашыкчы окуясын бирге изилдейт. Түркиянын Президенттигинин басма сөз катычы Ибрахим Калын: «Биргелешкен жумушчу топ түзүлүп окуя бардык жагынан ачыкка чыгарылат»,-деди.

 

Германиянын Frankfurter Allgemeine Zeitung гезити: Эл аралык валюта кору (IMF) 2018 жана 2019-жылдарда Түркиянын орто эсеп менен 4 пайызга өсө турганын боолголоп, Германия үчүн көздөлгөн өсүү катышынын 1,9 пайыз, Франция үчүн болсо өсүү күтүүсүнүн 1,6 пайыз боло турганын жарыялаган.

 

Англия, Рейтерс: Түркиянын коргоо министрлиги, шаршемби күнү орус жана түрк лидерлердин өткөн айда Сочидеги келишиминин алкагында Сириянын Идлиб районунда куралдан тазаланган аймак түзүлгөнүн жана оор куралдардын аймактын чыгарылганын жарыялады.

 

Ирандын расмий маалымат агенттиги ИРНА: Ирандын Түркия чек арасына жакын Маку шаарында Түркия менен биргелешкен өндүрүш өнөр жай аймагын курууда.

 

Иран, ISNA: Иран-Түркия Өнөктөш соода кеңешинин секретары Сейит Желал Ибрахими Иран жана Түркиянын соода көлөмүн арттыруу жана жеңилдетүү максаты менен эки өлкөнүн ортосунда биргелешкен банк түзүлө турганын жарыялады.

 

АКШ, Associated Press (AP)маалымат агенттиги: Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, өлкөсүнүн Ирактын Басра менен Мусул шаарларындагы консулдуктарын кайрадан ача турганын, коңшусу менен экономикалык жана соодалык карым-катнатарын тереңдетүүгө аракет кыла турганын айтты.

 

Азербайжан, Тренд: Президент Режеп Таййип Эрдоган, камакта турган америкалык кечил Эндрью Брансондун абагы тууралуу маалымдоосунда: «АКШ, Түрк юстициясына урмат-сый көрсөтүшү керек»,-деди.

 

Азербайжан, Халк гезити: Түркия Улуттук Улуу Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы Бинали Йылдырым: «Армения ырааттуулукту кааласа коңшу өлкөлөр менен карым-катнаштарын оңдошу керек»,-деди.

 

Кытай, Синхуа: Президент Эрдоган 10-октябрда валюта процедуралары алып келген рисктерден коргонуш үчүн Африка өлкөлөрүн Түркия менен соодада жергиликтүү акча бирдигин колдонууга чакырды.

 

Греция, İn.gr: Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Мустафа Акынжы, тосмолордун ачылган күнүн белгилөө жана «жоопкерчилигибиз болгон Аралдын келечегин сүйлөшүү» үчүн рум лидер Анастасиадис менен 15-октябрдан (БУУнун башкы катчысынын убактылуу өкүлү Джейн Холл Лютенин отчетун жарыялай турган) кийин өтө узак эмес күндө жолугушууну каалаганын жарыялады.



Тектеш кабарлар