Дүйнөлүк басма сөз 13.08.2018 - 17.08.2018

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтардын башкы темалары.

1034052
Дүйнөлүк басма сөз 13.08.2018 - 17.08.2018

АКШ, AP агенттиги: Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу АКШнын Түркияга санкция жана кысым көрсөтүп эч нерсеге жете албай турганын айтты.

Орусия Тасс агенттиги: Орусия президентинин катчысы Дмитрий Песков: «Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган, Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүсүндө түрк экономикасындагы маселелерге байланыштуу орус кесиптешинен кандайдыр бир жардам талап кылган жок»,-деди.

Англия  Reuters: Түрк казына жана каржы министри Берат Албайрак, АКШнын Түркияга киргизген кошумча салыгын сынга алган немис министрди мактап, дипломатиялык жактан колдоонун Түркиянын Германия жана Европа Биримдиги менен болгон ишенимин күчтөндүрө турганын айтты.

Франция AFP: Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Твиттерден жарыялаган билдирүүсүндө: «Түрк экономикасынын түзүлүшү бекем»,-деди жана «Эч ким спекулятивдүү кабарларга көңүл бурбай эле койсун»,-деп айтты.

Орусия Риа Новости: Түркиянын президенти Эрдоган Түркияга карай экономикалык курчоону төңкөрүш аракетинин уландысы катары сыпаттады.

Германия Deutsche Welle (DW) медиа мекемеси: Катар Түркияга 15 миллиард долларлык түздөн-түз инвестиция салат.

АКШ Voice of America: Президент Эрдоган, Түркияга каршы спекулятивдүү кадамдарды таштаган АКШдан электроникалык товарларын сатып албагыла деген чакырыгын салды.

АКШ CNN медиа мекемеси: Казына жана каржы министри Албайрак Германиянын каржы министри Шольц менен сүйлөштү. Эки министр 21-сентябрда Берлинде жолугушуу темасында макулдашты.

Иран Ирна агенттиги: Катар, Кувейт жана Ирак АКШнын санкцияларына каршы Түркияны колдошту.

Орусия Спутник агенттиги: Президент Режеп Таййип Эрдоган Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Сүйлөшүүдө эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана соода карым-катнаштары каралды.



Тектеш кабарлар