Дүйнөлүк басма сөз 21.05.2018-25.05.2018

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтардын башкы темалары.

978875
Дүйнөлүк басма сөз 21.05.2018-25.05.2018

АКШ, Turkish American веб-сайты: Президент Режеп Таййип Эрдоган дүйнөнүн тагдырынын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечүүчү жол таппаган 5 мүчөсүнө тапшырылбай тургандыгын айтты.

Орусия, ТАСС маалымат агенттиги: Президент Эрдоган, палестиналыктардын корголуусу үчүн өлкөгө тынчтык күчүнүн жөнөтүлүшүн жактагандарын белгиледи.

Германия, DW интернет сайты: Европадагы түрктөр жуманын аягында Сараеводо президент Эрдоган менен жолукту. Эрдоган европалык түрктөргө кайрылып кайда жашаса ошол жердин жарандыгын алуулары бирок маданияттарын да коргоолору керектигин айтты.

Крым, QHA маалымат агенттиги: Премьер-министр Бинали Йылдырым, 2016-жылдын 15-июлунда төңкөрүш аракетин кылган козголоңчуларды колдогон грек сотунун төңкөрүш аракетинен жабыркагандардын укуктарын тебелегендигин айтты.

Япония, Kyodo маалымат агенттиги: Президени Эрдоган Босния-Герцеговинага инвестиция салууга убада берди.

АКШ, Turkish American веб-сайты: Президент Эрдоган, дүйнө жүзүнүн ядролук куралдардан тазаланышы керектигин айтты.

Орусиянын расмий маалымат агенттиги РИА Новости: Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу кесиптеши Сергей Лавров менен Сириядагы абалды талкуулады.

АКШ, AP маалымат агенттиги: Президент Эрдоган Венесуэланын лидери Мадурону президенттик шайлоодогу жеңишинен улам куттуктады.

Азербайжан, AzerTac маалымат агенттиги: Түркияга сапар жасаган Азербайжандын диаспорадан жооптуу мамлекеттик комитетинин жетекчиси Фуат Мурадов, Түркия Улуттук Улуу Жыйынынын Төрагасы Исмаил Кахраман менен жолукту. Исмаил Кахраман: «Армениянын басып алуусундагы Карабах маселеси биздин дагы улуттук маселебиз болуп саналат»,-деди.



Тектеш кабарлар