Дүйнөлүк басма сөз 19.03.2018 - 23.03.2018
Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтардын башкы темалары.
АКШ, Turkish American веб-сайты: «Вице-премьер Бекир Боздаг, Сириянын Африндеги террористтердин АКШнын берген куралдарын таштап аймактан качканын айтты».
АКШ, AP маалымат агенттиги: «Президент Режеп Таййип Эрдоган, шайлоодогу жеңишинен улам Орусиянын президенти Владимир Путинди куттуктады».
Крым, QHA маалымат агенттиги: «Дүйнөлүк банк Түркияга 45 миллион 450 миң евролук кайтарымсыз каражат берет».
Орусия, Спутник сайты: «Вице-премьер жана өкмөттүн катчысы Бекир Боздаг АКШга Африн тууралуу жооп берди: «Жалган маалыматтар менен туура эмес түшүнүк жаратууга аракет кылууда».
Крым, QHA маалымат агенттиги: «Европа Биримдигинин тышкы соода-сатыгында 5-чоң өнөктөшү Түркия».
АКШ, CNN эл аралык маалымат каналы: «Түркиядан Сербияга 400 миллион долларлык насыя».
Voice of America: «Түрк армиясы террористтерден тазалаган Сириянын Африн аймагына гуманитардык жардамдарын баштады. Африн эли түрк аскерине чоң кызыгуу көрсөтүүдө».
China Radio International: «Түркия туризмде Ыраакы Чыгыш өлкөлөрүнө багыт алды. 2018-жылы Кытайдан Түркияга 1 миллион туристтин келээри күтүлүүдө».