Дүйнөлүк басма сөз 19.02.2018 - 23.02.2018
Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу бир жумалык маалыматтар.
Пакистан, Радио Пакистан агенттиги: «Президент Режеп Таййип Эрдоган, өлкөнү коркунучка салган бардык террордук топторго каршы күрөштүн үзгүлтүксүз улана турганын белгиледи».
Орусия, Орусиянын үнү радиосу: «Башкы штабдын төрагасы армия генералы Хулиси Акар «Зайтун бутагы» операциясынын 30-күнүндө Килис менен Хатайда кызмат өтөгөн аскердик бөлүк жана бригада штабында иликтөөлөрдү жүргүздү».
Германия, DEUTSCHE WELLE веб-сайты: «Премьер-министр Бинали Йылдырым, Германияда өкмөт курулгандан кийин президент Эрдогандын Германияга сапар жасай турганын айтты. Йылдырым, Түркиянын улуттук танка долбоору "Алтай" үчүн да Германиянын колдоосун өтүндү».
Англия, ББС түркчө берүүсү: «Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу, Сирия башкаруучулугуна караштуу күчтөрдүн Афринге жайгаша турганы жөнүндөгү маалыматтарга байланыштуу: «Режим ЙПГни коргош үчүн кирсе түрк аскерлерин эч ким токтото албайт»,-деди.
Орусия, Риа Новости агенттиги: «Президенти Режеп Таййип Эрдоган, түрк бөлүктөрүнүн жакында Сириянын Африн шаарын курчоого алууну каалаганын айтты. Эрдоган: «Түркиянын түштүк чек арасында террордук коридор кургусу келгендерге мунун оңой эмес экенин көрсөтөбүз»,-деди.
АКШ, TURKİSH AMERİCAN NEW маалымат порталы: «Түрк агымы» газ кууру долбоорунун деңиз бөлүмүндөгү эки түтүк жолдо ушул күнгө чейин 884 километр түтүк төшөлдү жана ушундайча деңиз багытынын 48 пайыздык бөлүгү бүткөрүлгөн болду.
Грузия, INTERPRESSNEWS агенттиги: «Транспорт, деңиз иштери жана байланыш министри Ахмет Арслан, Кытайдан Европага багытталган сооданын, Баку-Тибилиси-Карс темир жол аркылуу ишке ашырылышынын Түркиянын маанилүү максаттарынын бири экенин айтты».
Иран, Ирна агенттиги: «Премьер-министр Йылдырым, 11-Өнүктүрүү планы жыйынында Түркиянын дүйнөдөгү 13-чоң экономика экенин айтты».
АКШ, VOA Американын үнү радиосу веб-сайты: «Президент Эрдоган, учкучсуз учуучу учак өндүргөн Түркиянын айдоочусуз танка да чыгара турганын билдирди».
Орусия,Риа Новости агенттиги: «Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу Африндеги Түрк куралдуу күчтөрүнүн операциясынын Сириянын жеринин бүтүндүгүн жактаганын айтты».
Иран, FARS маалымат агенттиги: «Түркиянын тышкы иштер министрлиги, Нидерландиянын Өкүлдөр палатасынын 1915-жылдагы окуяларды геноцид деп таануу чечиминин катуу айыпталганын белгиледи».