Дүйнөлүк басма сөз 3.01.2018

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

880644
Дүйнөлүк басма сөз  3.01.2018

Орусиянын Спутник интернет сайты «Түркия : Иранда ырааттуулуктун сакталышына маани беребиз» деген маалыматында Түркия Иранда тынчтык жана ырааттуулуктун сакталышына маани бергендигин билдирген. Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө Иранда 28 -  декабрда башталган митингдердин жайылуу менен улантылып жаткандыгын жана чыккан окуяларда каза болгондордун болгондугу, айрыкча коомдук имараттардын зыян тарткандыгы тууралуу кабарлардан тынчсыздануулардын болгодугу баса белгиленди. Түркиянын дос жана бир тууган Ирандын коомдун тынчтыгы жана ырааттуулугунун сакталышына чоң маани бергендиги билдирилген маалыматта президент Хасан Руханинин элдин тынчтык митингин өткөрүү укугунун бар экендиги, бирок мыйзамдын тебеленбеши жана коомдун мүлкүнө зыян келтирбөө керектиги боюнча билдирүүсүнө көңүл буруу менен  күч колдонуудан алыс болуу жана провакацияларга кабылбоо керектиги белгиленди.

Пакистандын Жанг гезит «Чавушоглу бир топ Европа өлкөсү Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгүнө колдоо берүүдө» деген маалыматында тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу бир топ Европа өлкөсүнүн Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгүн колдогондугун белгилегендигин жазган. Немис маалымат агенттиги берген маалыматта Анкара өкмөтү азыр да Түркиянын Европа Биримдигине толук мүчө болушун каалагандыгын билдирген. Чавушоглу : «Эгерде Европа Биримдиги Түркияны биримдикке албай тургандыгына чечим чыгара турган болсо бул  аларды кызыктырган маселе. Түркия азыр да Европа Биримдигине толук мүчөлүктү жактайт. Германия, Австрия жана акыркы болуп Дания сыяктуу мүчөлүгүбүзгө каршы чыккан аз санда өлкө бар»,- деди.

Крым маалымат агенттиги «Түркия отелчилери 2018 – жыл үчүн максатын билдирди» деген маалыматында Түркия отелчилер федерациясынын төрагасы Осман Айык  2018 -  жылы 2014 -  жылдын сандарына жетишүүнү максат кылгандыгын билдирген. Айык : «Түркиянын туризм секторунда ушул күнгө чейин  жашаган мыкты жылы 2014 – жыл. Тактап айтканда 40 миллионго жакын чет элдик турист жана 35 миллиард долларга жакын туризм кирешеси. Булар сектордо ушул күнгө чейин алынган мыкты сандар. Өткөн 2 – 3  жылда бул сандарга жетишкен жокпуз. 2018 -  жылы биздин эң негизги максатыбыз кайрадан бул сандарга жетишүү, жоготкондорду кайра алып келүү болот»,- деди.

АКШнын CNN эл аралык маалымат каналы : «Женк Тосун трансфери үчүн Жек Бауэрге толук жоопкерчилик» деген маалыматында Англия чемпионатында Манчестер Юнайтедда 2 – 0 гө жеңилген Эвертондун маанайы бузулуп, команданын бир голчуга  муктаж экендиги белгилүү болду. Бул жагдайда эске Женк Тосун келди. Команданын тренери Сэм Аллардайстан суралган суроо Женк Тосун болду. Сэм Аллардайс бул суроого : «Колубуздан келгенди аткардык, 24 сааттын ичинде белгилүү болот»,- деп жооп берди. Эвертон жана Ливерпул клубу тууралуу кабарлары менен билинген LiverpoolEcho гезити Аллардейстин бул билдирүүсү боюнча кызыктуу бир кабарга кол койду.  Белгилүү 24 сериалынын негизги каарманы Жек Бауэрге карата жазуу жазган гезит Аллардейстин Женк Тосун трансферин бүтүрүү үчүн Жек Бауэрди милдеттендериши керектигин жазды.



Тектеш кабарлар