Дүйнөлүк басма сөз 11.10.2017

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар.

824937
Дүйнөлүк басма сөз 11.10.2017

АКШнын «Associated Press» гезити «Эрдоган камоого алынган Америка консулдугунун кызматкеринин агент экендигин айтты» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдоган түрк жетекчилер тарабынан камоого алынган АКШ башкы консулдугунун кызматкерин агент  деп айткандыгын жана Түркиянын мындай  ички коркунучка каршы керек болгон кадамдарды таштоо укугунун бар экендигин белгилегендигин жазган. Сербиянын борбор шаары Белградда катышкан бир пресс – жыйында сөз сүйлөгөн Эрдоган : «Бул агенттер АКШ башкы консулдугуна кандай кирди? Же ким киргизди»,- деп сурады.

Орусиянын «Риа новости» гезити «Түркиянын премьер  - министри  Идлибде ок атышпоолорду текшерүү жерлеринин түзүлбөгөндүгүнөн сөз кылды» деген маалыматында премьер  - министр Бинали Йылдырымдын түрк куралдуу күчтөрүнүн Идлибде ок атышпоого баш ийип же ийилбегендигин текшерген байкоочу жерлеринин түзүлүшү үчүн 8 -  октябрдан бери чалгындоо иштерин жүргүзгөндүгүн билдирди. Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын Түркия Улуттук Парламентиндеги фракциялык жыйынында сөз сүйлөгөн Йылдырым өзгөчө Анкара менен Вашингтондун ортосунда чыккан дипломатиялык кризистен кийин түрк жарандарына виза берилишинин токтотулгандыгын жарыялаган АКШнын бул кыймылынын эки өлкөнүн арасындагы стратегиялык өнөктөштүк менен дал келбегендигин белгиледи.

Ирандын FARSNEWS гезити «Түркиянын тышкы иштер министрлиги АКШнын текебер элчисинин сүйлөшүү талабын четке какты» деген малыматында Түркия адилеттик министри Абдүлхамит Гүлдүн Түркия тууралуу жаман маалыматтарды берген АКШнын Анкарадагы элчиси Жон Басстын сүйлөшүү талабын кабыл албагандыгын билдирген. Түркиянын бул кыймылы АКШда шок жаратты.

Германиянын DEUTSCHE WELLE гезити «ИМФ түркия үчүн өсүү болжолун жогорулатты» деген маалыматында Эл аралык акча фонду Түркия үчүн улуттук кирешенин өсүү болжолунун бул жыл үчүн 5, 1 пайыз, 2018 -  жыл үчүн 3, 5 пайызга жогорулаткандыгын жазган. ИМФ Түркияга байланыштуу өсүү болжолдорун жогорулатышына, биринчи чейректе экспорттогу өзүнө келүүчүлүккө байланыштуу түрк экономикасынын күтүлгөндөн дагы көп өсүшүн жана финансылык сясаттарын негиз катары көрсөткөндүгүн жазган.  Евро аймагы, Япония, Кытай араларында Түркия да болгон өнүгүп келе жаткан Европа өлкөлөрү жана Орусия үчүн өсүү белгисин берди.



Тектеш кабарлар