Дүйнөлүк басма сөз  14.06.2017

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

752419
Дүйнөлүк басма сөз  14.06.2017

                      

Англиянын Ройтерс агенттиги «Эрдоган Катардын изолацияланышынын исламдык болбогондугун айтты» деген маалыматында Түркиянын президенти Р. Т. Эрдогандын Катардын коңшу өлкөлөр тарабынан изоляцияланышын айыптап жана мунун исламдык баалуулуктарга тескери экендигин айтты. Эрдоган Адилеттик жана өнүгүү партиясынын парламенттеги группа жыйынында сүйлөгөн сөзүндө : «Катарда абдан олуттуу бир жаңылыштыкка түшкөндүгүн көрүүдөбүз. Бир өлкөнүн калкын ар тармакта изоляциялоо адамзатыкка жатпайт. Катар ДЕАШ террордук уюмуна каршы Түркия менен бирге чечкиндүү күрөшкөн өлкө. Жалаа жабуу  кампаниялары менен Катарды  күнөөлүү сыяктуу көрсөтүүнүн аймакка эч бир пайдасы жок»,- деди. Эрдогандын Сауд Аравия, Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн жана Египеттин Катар менен карым – катнаштарды  үзүп катуу санкция кылуусунан сегиз күндөн кийин жасаган бул билдирүүлөр Доханын аймактагы күчтүү бир өнөктөшү тарабынан жасаган эң катуу кийлигишүү мүнөзүндө.

Италиянын ASKANEWS кабар агенттиги «Эрдоган: ИКБЙнын  көз карандысыздыгына карата элдик добуш берүү бир коркунуч» деген маалыматында  25 -  сентябрда Ирак Күрт Аймактык Башкаруусунда элдик добуш берүүнүн болоруна байланыштуу кабарга каршы чыккан түрк президенти Р. Т. Эрдоган кечээки маалыматында : «Түндүк Ирактын көз карандысыздыгына карата кадам таштоо бир жаңылыштык жана Ирактын жеринин бүтүндүгү үчүн бир коркунучту түзүүдө»,- деди. Мындай  элдик добуш берүүнүн эч кимге пайдалуу болбогондугун белгилеген Эрдоган : «Ирактын жеринин бүтүндүгүн ар дайым жактадык жана жактоону да улантабыз»,- деди.

 

АКШнын Associated Press агенттиги «Пемьер – министр: Түркия Европа Биримдигине мүчөлүк сүйлөшүүлөрүн улантууну каалайт» деген маалыматында Түркиянын премьер – министри өлкөсүнүн Европа Биримдиги менен мүчөлүк сүйлөшүүсүн улантууну каалагандыгын айтты. Кечээ болгар кесиптеши менен өткөргөн пресс – жыйынында сөз сүйлөгөн премьер – министр Бинали Йылдырым : «Түркия катары Европа биримдиги менен толук мүчөлүк сүйлөшүүлөрдү улантууну каалайбыз. Бизде бул эрк бар»,- деди. Түркия менен Европа Биримдигинин ортосунда өткөн жылы кол коюлган визасыз саякат жана Европага көчмөн агымына бөгөт болуу үчүн кайра кабыл алуу келишимин толугу менен ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү жок экендигин белгилеген Йылдырым визасыз саякат жана кайра кабыл алуунун «принципте» бирдей убакта ишке кириши керектигин белгиледи.

Орус РИА Новости  агенттиги «Москвада 16 – 18 -  июнда Түркия фестивалы өткөрүлөт» деген маалыматында Орусиянын борбор шаары Москвадагы Красная Пресня паркында 16 – 18 -  июнда Түркия фестивалы өткөрүлөрүн жазган. Мос. Ру сайтынын жарыялаганына караганда иш чарага бара тургандарга Түркиянын маданияты, тарыхы, тили менен салттары таанытылат. Фестивалга келгендер кол өнөрчүлүк айылын кыдырып, чыныгы Кападокия шарлары менен уча алышат, белектик буюмдарды  алып жана түрдүү ателье иштерине катыша алышат. Фестивалга Түркиядан белгилүү «Даңазалуу доордун» актер жана актрисалары да барышат. Мунун тышында фестивалда  Түркияда эс алуу боюнча 200 пакет үчүн чүчү кулак тартылат.



Тектеш кабарлар