Дүйнөлүк басма сөз 17.05.2017

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар.

734169
Дүйнөлүк басма сөз 17.05.2017

АКШнынAssociated Press кабар агенттиги «Трамп : Түркиянын президентин тосуп алуу сыймык» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын АКШнын президенти Дональд Трамп менен бетме – бет жолугушуусун Вашингтондо өткөргөндүгүн жазган. Трамп президент Эрдоганды каалгада жылуу маек менен тосуп алды. Кабарчыларга маалымат берген Трамп Эрдоганды тосуп алуунун «чоң бир сыймык» экендигин айтты. Трамп айрыкча акыркы жылдарда жасалган коркунучтуу террордук кол салууга каршы түрк калкын колдогондугун билдирди. Эрдоган болсо ноябрь айындагы президенттик шайлоодогу жеңиши үчүн Трампты куттуктады. Президент АКШ жана Түркиянын БУУ, НАТО менен өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөр түзгөн чоң жыйырмаларда бирдикте иштешкендерине көңүл бурду.

Орусиянын расмий маалымат агенттиги Риа Новости «Германиянын террор менен сынагы» деген маалыматында премьер – министр Бинали Йылдырым Германиянын 15 -  июлдагы козголоң кыймылына катышкан террористтер менен Анкаранын экөөсүнөн бирөөсүн тандашы керектигин белгилегендигин жазган. Йылдырым Түркия менен Германиянын ортосундагы карым – катнаштардын 16 -  апрелдеги конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумдан мурда Германиянын фашист жана нацисстик кыймылдарынан улам бузулгандыгын, бирок андан кийин оң кабарлардын келе баштагандыгын, бирок немис жетекчилердин козголоң кыймылы менен байланыштуу террористтерге баш калкалоо уруксаттын берилиши тууралуу чечиминин карым – катнаштардын кайрадан бузулушуна себепчи болгондугун айтты. Йылдырым : «Германия бир нерсе үчүн чечим чыгарышы керек. Түркия менен карым – катнаштарды өнүктүрүүнү кааласа анда багытын террористтерге эмес Түркия республикасына бурууга мажбур»,- деди.

Бириккен Араб Эмирликтеринин El Arabiya телекөрсөтүү каналы «ПКК жикчил террордук уюмдун Синжарда болушу коркунучтуу» деген маалыматында Ирак күрт аймактык башкаруусунун премьер – министри Нечирван Барзани, Ал Арабия телекөрсөтүү каналына берген интервьюсунда ПКК жикчил террордук уюмунун Синжарда болушунун жалпысынан аймактын ыраатсыздыгын  максат кылган кадам экендигин айтты. Барзани азыркы учурда Багдатта ПККга колдоо берген тараптар сөз болуп жаткандыгын, булардын террористтерге материалдык жана логистикалык жардам беришкендерин баса белгиледи. Барзани : «Ирактык жетекчилердин террорго колдоо берген саясаттарынын жаңылыш экендигин ойлоп жатам. Бул саясаттар Түркия менен жакшы коңшулук карым – катнаштарына шайкеш келбейт жана Ирактын пайдасына болбойт. ПККнын Синжарда болушу ал аймактын ыраатсыздыгы деген темада баарыбыз макулдашышыбыз керек»,- деди. Барзани Багдат өкмөтүнүн Ирак аймактык башкаруусу менен координация ичинде болушу керектигин жана бул аймактарда ПККнын ыраатсыздык элементи болбошу үчүн аракетке өтүү керектигин айтты.

Германиянын Deutsche Welle гезити “Заманбап Жибек Жолу проектисине Европанын көз карашы» деген маалыматында лидерлер Кытайдын Жибек Жолу проектиси үчүн Пекинде чогулгандыгын билдирген. Миллиарддаган долларлык инвестиция максаттарынан Түркия сыяктуу өлкөлөрдүн күтүүсү абдан чоң экендиги билдирилген. Европа өлкөлөрү болсо проектинин турмушка ашырылышы менен соода иш чараларынын Азияга өтөрүнөн тынчсызданууда.

Жыйында Түркия, Орусия жана Кытайдын жакындашуусу да Европанын көңүлүн бурду. Дүйнөнүн эң өнүккөн жети экономикасынан турган чоң жетилер өлкөсүнөн лидерлер деңгээлинде бир гана Италия катышты. Европа медиасы  проекти менен соода кыймылдуулугунун эң көп Азияда күч алары, Азия өлкөлөрүнүн дагы көп экономикалык өнүгүү көрсөтөрү тууралуу токтолууда.



Тектеш кабарлар