Дүйнөлүк басма сөз 11. 03. 2015

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

257957
Дүйнөлүк басма сөз  11. 03. 2015

Иран радио телекөрсөтүү мекемеси «Аялдарга карата зомбулук соңуна чыгышы керек» деген программасында Стамбулда Дүйнөлүк аялдар күнүнө арналган аземде президент Эрдогандын : «Түркиянын президенти катары бүткүл дүйнөгө, аялдарга карата зомбулук менен күрөшүү максатындагы бардык аракеттерди колдой турганымды билдиргим келет»,- дегенин белгилеген. Эрдоган айрыкча Түркияда бул маселени иликтей турган атайын бир топтүзүү убадасын да берди.
Франциянын АФП кабар агенттиги «Сириялыктар тууралуу Европага сын» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдоган Түркия 2 миллион сириялыкты багып жана «ачык каалга» саясатын улантып жатканда Европанын чектүү санда «Сириялык баш калкалоочуну кабыл алуусун сынга алганын билдирген жана Эрдогандын Газиантепте : «Европа өлкөлөрү Сирияда мекендеринен качкан канча кишини кабыл алды билесиңерби? 200 миң. Биз эки миллион кишини кабыл алдык. Айырмачылыкты көрүп жатасыңарбы!»,- дегенин жазган.
Франциянын АФП кабар агенттиги «Түркия, Иракта согушка катышпайт» деген маалыматында премьер – министр Ахмет Давутоглу Түркиянын Иракта террордук уюм ДЕАШка карата согушка катышпай турганын бирок Ирак башкаруусунун күрөшүнө колдоо көрсөтөрүн билдиргенин жазган. Премьер – министр Давутоглу финансы чөйрөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн барган Нью – Йоркто өзүн коштогон журналисттерге : «Түркия, Ирак жана Сирияда куралдуу кагылышууга кирбейт. Мусулга карата кол салууну колдойбуз бирок түздөн түз кагылышууга кирбейбиз»,- деген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар