Дүйнөлүк басма сөз 4. 02. 2015

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

210862
Дүйнөлүк басма сөз 4. 02. 2015

Англияда чыккан «El Kuds El Arabi» гезити «Африка материгинде калкынын санын өстүрүүдө» деген макаласында Түркиянын экономикалык киршеге ээ болуу үчүн Анкара менен кара материк өлкөлөрүнүн ортосунда соода көлөмүн күчтөндүрүү жана бул өлкөлөрдөн эл аралык аренада дагы көп саясий колдоо көрүү максатында Африка материгинде калкын жайылтуу аракеттерин улантып жатканын жазган. Жибутинин борбор шаарында өткөрүлгөн Түркия – Жибути иш форумунда сөз сүйлөгөн президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын Африканын маселелеринин жана ошол эле учурда потенциалынын чоңдугун билген өлкө катары ар бир платформада Африканын жанында экенин жана жанында болууну улантарын белгиледи. Жибути сапарынан кийин Сомалиге барган президент Эрдоган жакырларга жардам берүүнүн негизинде 10 миң үй тургузуу жана Могадишу портун оңдоо убадасын берген.
Кыргызстандагы Ca-News.org сайты «ТАНАП үчүн Түркмөнстанга чакыруу» деген маалыматында Түркия жана Азербайжан Транс Анадолу жаратылыш газ түтүк жолу проектисине кошулуусу үчүн Түркмөнстанга чакыруу салганын жазган. Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Ашкабатта үч өлкөнүн тышкы иштер министрлери катышкан жыйындан кийин Түркия менен Азербайжандын Транс Анадолу жаратылыш газ түтүк жолу проектисине Түркмөнстандын кошулуусу үчүн чакыруу салганын билдирген.
ТАНАПтын баш тартылгыс проекти экенин белгилеген министр проектинин үч жылдын ичинде бүткөрүлөрүн да айткан.
Грузиянын İnterpressnews гезити «Грузия – Түркия стратегиялык өнөктөштүгү» деген маалыматында Грузияга сапар менен барган бажы жана соода министри Нуреттин Жаникли Грузиянын финансы министри Нодар Кадури менен жолугушкандан кийин өткөргөн пресс – жыйынында : «Түркиянын эл аралык платформаларда ар дайым Грузиянын жеринин бүтүндүгү жана эгемендигин колдогонун баса белгилегим келет»,- дегенин билдирген. Министр Жаникли : «Грузия жана Түркия стратегиялык өнөктөш. Соода потенциалыбыз абдан жогору жана дагы да өнүктүрүлө алат. Өлкөлөрүбүздүн бизге сунуштаган бул потенциалын акырына чейин колдонуубуз керек»,- деген.
Ирандын ИРНА гезити « Иран – Түркия соода карым – катнаштары» деген маалыматында Ирандын коммуникация жана кабарлашуу министри Махмуд Ваизи, билим, өнөр жай жана технология министри Фикри Ышыкты тосуп алганын билдирген. Ваизи Иран – Түркия соода көлөмүнүн 15 миллиард долларга жеткенин белгилеп : «Азыркы учурда эки өлкө бул санды 30 миллиард долларга жеткирүү үчүн ар түрдүү план жана программаларды түзүүдө»,- дегенин, министр Ышыктын да : «Аймактын чоң жана маанилүү өлкөлөрүнүн бири болгон Иран жана Түркиянын бири бирине жакын болуушу, аймакта тынчтык жана ырааттуулуктун сакталуусуна жардам берет»,- деп айтканы маалымдалган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар