Дүйнөлүк басма сөз 3. 12. 2014

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

136048
Дүйнөлүк басма сөз 3. 12. 2014

Орусиянын Риа Новости гезити «Эрдоган, папа менен бирдей пикирдебиз» деген маалыматында үч күндүк расмий сапарынын алкагында Түркияга келген Рим католик чиркөөсүнүн лидери Папа Франциск менен президент Р. Т. Эрдогандын жума күнү Анкарада жолугушканын жазган. Президент Эрдоган жолугушуудан кийин өткөргөн пресс – жыйында Түркия жана папа Францисктин бир топ темада бирдей ойлошкондорун белгиледи. Р. Т. Эрдоган аймактагы соккунун күч алуусун улантуусу менен аккан канды токтото турган чечүүчү жолдун мүмкүн болушунча батыраак табылышы керектигин, ушул алкакта папанын сапарынын өзгөчө маанилүү экенин баса белгилеген. Эрдогандын оюна караганда дүйнөдө ислам динине карата шектенүү бар жана бул шектенүүнү жок кылуу керек. Президент бул тууралуу : «Дүйнөдө болуп жаткан абдан чоң апаатка күбө болуудабыз. Бул апаат жек көрүү, радикализм жана улутчулдук. Бүткүл дүйнөдө исламга каршы кандай шектенүүнүн пайда болгонун көрүүдөбүз. Исламафоби бардык жерлерге жайылып баратат. Бүгүн ислам менен террор бири бирине окшоштурулууда жана бул да мусулмандардын жүрөгүн жаралоодо. Булардын баары террорист өлкөлөрдүн көптөгөн жылдар улантып келген саясатынын жыйынтыгы. Буларды соңуна чыгара турган бир чечүүчү жолду бирдикте табуубуз керек»,- деди.
Германиянын ДПА гезити «Путин жаратылыш газ убадасын берди» деген маалыматында Түркия Орусия менен болгон соода көлөмүн абдан чоң өлчөмдө көбөйтүүнү каалаганын билдирген жана президент Р. Т. Эрдоган орус кесиптеши В. Путин менен жолугушкандан кийин билдирген маалыматында соода көлөмүнүн 2023 - жылга чейин 100 миллиард долларга чыгарууну каалаганын айтканын, Путиндин да Түркияга дагы көп жана арзан жаратылыш газ жиберүүгө убада бергени белгиленген. Орусия ошол эле учруда Түркиядагы алгачкы атомдук станциясын курат. Көптөгөн жылдардан бери бул станциянын планы курулууда. 2013- жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн 33 миллиард доллар болду. Эки өлкөнүн соода жана энергетика тармактарында дагы күчтүү кызматташтыгы үчүн келишимге кол койду. Эрдоган Путин менен Сириядагы абалды жана ИШИМ террордук уюмун да сүйлөшүшкөнүн айтты.
Швеция гезити «Свенка Багбладет» «Түркиянын Европа Биримдиги министри аракетте» деген маалыматына караганда Түркиянын Европа Биримдиги министри Волкан Бозкырдын оюу боюнча Түркия эки жылдын ичинде Европа Биримдигине мүчөлүк үчүн даяр болот. Бозкыр Швециянын Түркиянын Европа Биримдигиндеги эң жакшы досторунун бири болууну улантуусун ойлоодо. Европа Биримдиги министри Бозкыр : «Өткөргөн жыйындарым учурунда Швециянын биз менен бирдей көз карашта болууну улантарын көрдүм. Бизди колдой турган досторго муктаждыгыбыз бар»,- деген.
Япониянын «Nihon Keizai Shimbun» гезити «Структуралык реформалар улантылат» деген маалыматында Түркиянын вице – премьери Али Бабажан Стамбулда «Nikkei Shimbun» гезитине берген репортажында экономикалык эсеп – кысап кемчилигин азайтууга карата структуралык реформаларды улантуу оюн белгиледи. Вице - премьер акыркы мезгилдеги иштетилбеген нефть бааларындагы арзандоонун улантылуусу менен 2015 - жылы эсеп – кысап кемчилигинин улуттук киреше катнашынын 5 пайыздын астына түшөрүнө байланыштуу болжол жүргүздү. Бабажан бир тараптан АКШдагы пайыздардын өсүүсүнө карата тынчсызданууларды да белгиледи.
Али Бабажан : «АКШнын пайыздарды жогорулатуусу менен базарлар термелсе да финансы системасын стабилизациялоо үчүн саясаттарды колдодук. Үнөмдөө максатында финансылык саясаттардын жардамы болор»,- деди. Премьер – министр Ахмет Давутоглунун август айында кызматка келгенден кийинки мезгилге таандык экономикалык саясатына байланыштуу «бекем финансылык эркинин улантылганын» белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар