Дүйнөлүк басма сөз 19. 11. 2014

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

198540
Дүйнөлүк басма сөз 19. 11. 2014

Австралиянын The Age гезити «Премьер – министр Гриффит университетинде сөз сүйлөдү» деген маалыматында Гриффит университетиндеги конференцияда угармандарга кайрылып сүйлөгөн сөзүндө премьер – министр Ахмет Давутоглу чоң жыйырмалардын Австралия тарабынан белгиленген тар экономикалык күн тартибинин чектерин кеңейтүүгө убада бергенин билдирген. Давутоглу : «Эгерде чоң жыйырмалардын күн тартиби бир гана финансылык темалар менен эле чектелүү боло турган болсо чоң жыйырмалар иш алып бара алышпайт жана глобалдык мааниде мыйзамдуулугу болойт»,- деди. Түркиянын келерки жылкы жыйынга жетекчилик кылганда жасай турган мамилесин белгилеген Давутоглу 2015 – жылдын дүйнөлүк экономикасы үчүн «бир бурулуш жери» болорунан үмүт кылганын айткан. Премьер – министр Давутоглу келерки жылы негизги күн тартип беренелерин төмөнкү кирешелүү өлкөлөрдүн өнүгүүсү, өзгөчө аял жана жаштар үчүн жумуш мүмкүнчүлүктөрү, баары үчүн энергетика, альтернативдик финансылык түзүлүштөр жана климаттык алмашуу болорун айтты.
Иран – ИРНА агенттиги «НАТОнун жогорку мартабалуу өкүлү шайланды» деген маалыматында Түркиянын Кабул элчиси Исмаил Арамаз, НАТОнун баш катчысы тарабынан НАТОнун Афганстандагы жогорку мартабалуу жарандык өкүлү болуп шайланганын билдирген. Түркия Республикасынын тышкы иштер министрлиги бул тууралуу билдирүү жарыялап Арамаздын 2015 – жылдын башынан баштап голландиялык Морис Йохемстин ордуна келип НАТОнун эң мартабалуу өкүлү катары ишке баштай турганын билдирди. Сөзү болгон маалыматка караганда Түркия элчиси НАТО менен Кабул өкмөтүнүн арасындагы карым – катнаштардын координациясын да жүргүзөт. Афганстандагы НАТО тынчтыкты коргоо аскердик күчтөрүнүн кызмат мөөнөтү бул жылдын акырында аяктайт жана НАТО Афганстанда болуусун жаңы бир алкакта улантат.
АКШ – Блумберг экономикалык каналы Стамбул финансы борбору болот деген маалыматында Түркия инвестицияны финансы борборуна тартууга аракет кылып 262 миллиард долларлык акция базарына үй ээлик кылган Биржа Стамбулду келерки жылдын акырына чейин калкка сунуштоону пландап жатат. Өкмөт 14 - ноябрь күнү жарыяланган чечим менен Биржа Стамбулдун 42, 75 пайызына чейинки бөлүгүнүн калкка өткөрүлүүсү үчүн жоопкерчиликти берди. Түркия Орусиядан кийин Европадагы өнүгүп келе жаткан базарлардын арасында эң чоң акция базарына ээ болсо да теңдерине караганда өсүү үчүн алдында дагы кенен бир кыймыл тармагы бар.
Блумбергдин маалыматына караганда Биржа Стамбулдагы акцияларынын базар баасы 585 миллиард лира.
Англиянын Ройтерс агенттиги «Гольф федерациясынын 10 жылдык планы» деген маалыматында Turkish Airlines Openдин уюштуруучулары, European Tour менен ортосундагы келишимдин мөөнөтүнүн толуусуна 12 ай калганына карабастан ноябрь айындагы бул иш чараны 2024 - жылга чейин улантууну каалашкандарын айтканын белгилеген. Түркия гольф федерациясынын төрагасы Ахмет Агаоглу өзүнүн жана колдоочуларынын жарыш менен байланыштыруудан ыраазы экендерин жана турнирге үй ээлик кылуунун 2022 Кубок Райдерге үй ээлик кылуу талапкерликтери үчүн пайдалуу экени айткан. Түркия эки жылда бир өткөрүлгөн иш чарага үй ээлик кылууну каалаган алты өлкөнүн бири.
Жекшемби күнү 24 жашындагы америкалык Брукс Коепке жеңип алган 7 миллион долларлык Turkish Airlines Open иш чарасы эки сезондон бери өткөрүлүүдө бирок азыртадан эң жакшы уюштурулган турнирлердин бири катары кабыл алынууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар