Орусия АКШнын ОПЕКке мунай баасын төмөндөтүү чакырыгынын кабыл алынгыс экенин жарыялады

Александр Новак кечээ өткөрүлгөн ОПЕК жана Орусия баш болгон кээ бир мунай өндүрүүчүлөрдөн турган ОПЕК+ жыйыны тууралуу Орусиянын мамлекеттик каналы Россия-24ке билдирүү жасады.

2236901
Орусия АКШнын ОПЕКке мунай баасын төмөндөтүү чакырыгынын кабыл алынгыс экенин жарыялады

Орусиянын вице-премьер-министри Александр Новак, АКШнын  Мунай экспорттоочу өлкөлөр уюмуна (ОПЕК) мунайдын баасын «төмөндөтүү» чакырыгынын «кабыл алынгыс» экенин айтты.

Александр Новак кечээ өткөрүлгөн ОПЕК жана Орусия баш болгон кээ бир мунай өндүрүүчүлөрдөн турган ОПЕК+ жыйыны тууралуу Орусиянын мамлекеттик каналы Россия-24ке билдирүү жасады.

Мунай базарларындагы абалды ай сайын байкоону уланта тургандарына көңүл бурган Новак: «1-апрелден тарта өндүрүштү акырындык менен жогорулатуу графигине ылайык, 2023-жылы кабыл алынган ыктыярдуу өндүрүш кыскарышын 1,5 жыл бою азайтабыз»,-деди.

Новак АКШдагы жаңы администрациянын мунай базарларында жаңы кыйынчылыктарды жаратканын түшүндүрүп: «Алар ОПЕКти мунайдын баасын атаандаштыкка туруштук бербегидей түрдө төмөндөтүүгө жана базар үлүшүн көбөйтүүгө чакырышты»,-деп айтты.

ОПЕК+ мүчөлөрүнүн биримдиктин алкагында жетишилген келишимдерге толук берилгендигин баса белгилеген Новак: «Дүйнөлүк мунай базарынын иштешине кандайдыр бир жасалма жана адилетсиз кийлигишүү аракеттери таптакыр кабыл алынгыс»,-деди. 

Өткөн аптада АКШ президенти Дональд Трамп Сауд Аравиясынан жана ОПЕКке мүчө өлкөлөрдөн мунайдын баасын төмөндөтүүнү талап кылган.



Тектеш кабарлар