Кытай Панама каналы тууралуу билдирүү жасады
Кытайдын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү Фу Конг өлкөсүнүн Панама каналын башкарып жатат деген дооматтардын “негизсиз” экендигин билдирди.

Кытайдын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү Фу Конг өлкөсүнүн Панама каналын башкарып жатат деген дооматтардын “негизсиз” экендигин билдирди.
Фу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин кезектеги башкаруучулугу бул айда Кытайга өтүшү менен БУУда пресс-конференция өткөрдү.
Жыйында журналисттердин АКШ - Кытай карым - катнаштары тууралуу суроолоруна жооп берген Фу Трамптын Панама каналын кытайлар башкарат деген сөзүн четке кагып : «Кытайга карата бул айыптоо толугу менен негизсиз деп ойлоймун»,- деди.
Фу : "Кытайдын Панама каналын башкарууга жана эксплуатациялоого кошулбагандыгын жана канал иштерине эч качан кийлигишпегенин баса белгилей кетейин. Кытай Панаманын канал боюнча эгемендигине сый көрсөтөт жана каналды туруктуу, бейтарап эл аралык өтмөк катары тааныйт", - деди.
Дональд Трамп 20-январда президенттик кызматка киришкенден кийинки биринчи сөзүндө буга чейин күн тартибине алып келген "Панама каналын кайтарып алуу" маселесине да токтолуп :"Панама каналын Кытай иштетүүдө. Биз аны Кытайга берген жокпуз, Панамага бергенбиз жана кайра алып жатабыз",- деген.
Тектеш кабарлар

АКШ Израилге курал сатууну бекитти
АКШнын Мамлекеттик департаменти Израилге 7,4 миллиард долларлык жаңы курал сатат.