Катар Манбиждеги кол салууну айыптады
Катардын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : "Сирия Араб Республикасынын Манбиж шаарында болгон бомбалуу кол салууну катуу айыптайбыз",- деп айтылды.

Катар кечээ Сириянын Халеп облусуна караштуу Манбиж районунда бомба жүктөлгөн унаа менен жасалган террордук кол салууну айыптады.
Катардын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : "Сирия Араб Республикасынын Манбиж шаарында болгон бомбалуу кол салууну катуу айыптайбыз",- деп айтылды.
Террор жана зомбулукка каршылык баса белгиленген билдирүүдө : "Катар негизи эмне болсо болсун бардык зомбулук жана террордук кыймылды четке кагат",- деп айтылды.
Билдирүүдө Катардын Сирия менен тилектеш экендиги жана Сирияда коопсуздук жана ырааттуулуктун камсыздалышы үчүн ташталган ар бир кадамды колдогондугу белгиленди.
Манбиж районунда бомба орнотулган унаа менен жасалган террордук кол салууда 17 жаран каза болуп, 16 жаран жараланды.
Кол салуунун жоопкерчилигин азырынча эч ким моюнга ала элек жана жергиликтүү коопсуздук күчтөрү кол салууну ПКК/ЙПГ террордук уюмдун жасоо ыктымалы тууралуу токтолууда.
Сирия Улуттук армиясы Эркиндик таңы операциясынын негизинде 9 - декабрда Манбижди ПКК/ЙПГ террористтеринен куткарган.
Тектеш кабарлар

Россия : Трамптын "Газа тилкесин өткөрүп алуу" планы тууралуу кенен маалымат күтүп жатабыз
Дмитрий Песков борбор шаар Москвада актуалдуу маселелер боюнча билдирүү жасады.