Израиль Газада ок атышпоо келишимин бузганын моюнга алды

Израилдин 2023-жылдын 7-октябрында Газа тилкесине жасаган кол салууларында 17 841и балдар жана 12 298и аялдар болгон 47 518 палестиналык каза болуп, 111 612 киши жараланды.

2237030
Израиль Газада ок атышпоо келишимин бузганын моюнга алды

Израиль армиясы Газа тилкесинин айрым жерлеринде палестиналыктарга ок атып ХАМАС менен ок атышпоо келишимин бузганын мойнуна алды.

Израиль армиясынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Газа тилкесинин ар кайсы аймактарында акыркы 24 саатта «Армия күчтөрүнө жакындаган жана коркунуч туудурган шектүүлөрдү жок кылуу» шылтоосу менен ок атылгандыгы айтылды.

Газадагы израилдик туткундардын кайтарылышы үчүн «ок атышпоо келишими сакталат» деген билдирүүдө Газадагы ар бир сценарийге даяр экендиктери белгиленди.

Израилдин 2023-жылдын 7-октябрында Газа тилкесине жасаган кол салууларында 17 миң 841и балдар, 12 миң 298и аялдардан турган жалпы 47 миң 518 палестиналык каза болуп, 111 612 киши жараланды.

Хамас менен Израилдин ортосунда жетишилген Газа тилкесинде ок атышпоо жана туткундарды алмаштыруу келишими 19-январь жекшемби күнү Түркия убактысы боюнча саат 12:15те күчүнө кирген.

Израиль армиясы ок атышпоо келишимин бир нече жолу бузганына карабай толук аткарып жатканын айтууда.



Тектеш кабарлар