Трамп хуситтерди кайрадан террор тизмесине кошту
Трамптын жарлыгына ылайык, АКШнын Мамлекеттик департаменти 30 күндүн ичинде хуситтерди кайрадан расмий түрдө террордук уюмдардын тизмесине киргизет.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Дональд Трамп Йемендеги Иран колдогон хуситтерди Жо Байдендин администрациясы “чет элдик террордук уюмдар” тизмесинен чыгаргандан кийин кайра “террордук уюмдар” тизмесине кошту.
Трамп билдирүүсүндө 2021-жылы бийликтеги акыркы күндөрүндө хуситтерди террор тизмесине кошконун, бирок Жо Байден администрациясы кызматка киришкенден бир нече айдан кийин хуситтерди тизмеден чыгаргандыгын белгиледи.
Ирандын «террордук иш-аракеттерин» ар кандай жолдор менен аймакка жайылтканын жана Йемендеги хуситтердин ушул алкакта колдонулуп жатканын белгилеген Трамп, өзгөчө Кызыл деңиздеги кемелерге жасаган кол салууларынан улам бул уюмдун эми тизмеге кайра кошулушу керектигин айтты.
Трамптын жарлыгына ылайык, АКШнын Мамлекеттик департаменти 30 күндүн ичинде хуситтерди кайрадан расмий түрдө террордук уюмдардын тизмесине киргизет.