Россия Украинанын Запорожье шаарын бутага алды
Кол салууда бир адам каза болуп, 25 киши жараланды.

Учкучсуз учуучу аппараттар жана ракеталар менен жасалган кол салууда бир энергетика объекти жок кылынды.
Көптөгөн имараттар жабыркап, 20 миңден ашуун адам электр жарыгысыз калды.
Кол салууда бир адам каза болуп, 25 киши жараланды.
Россиянын Коргоо министрлиги Россиянын Харьков провинциясында бир айылдын басып алынгандыгын,114 Украина учкучсуз учуучу аппараынын атып түшүрүлгөндүгү белгиленди.
Украина Россиянын Курск аймагындагы операциялардын уланып жаткандыгын жарыялады.
Аскерлер жана курал-жарактар топтолгон аймактардын башкаруу борборлорунун жана кампалардын бутага алынгандыгы билдирилди.
Аянтта кагылышуулар салгылашуулар уланып жаткандыктан, НАТОнун баш катчысы Марк Рютте Украинага колдоону көбөйтүү зарылдыгын дагы бир жолу кайталады.
Давостогу Дүйнөлүк Экономикалык Форумга катышкан НАТОнун баш катчысы Рютте “Туруктуу тынчтык келишими Россиянын президенти Владимир Путиндин мындан ары эч качан Украинанын бир чарчы километрин да ала албай тургандай болушу керек”,- деди.