Нигерияда Ласса ысытмасынан каза болгондордун саны жылдын башынан бери 22ге жетти

Ласса ысытмасы  эпидемиясы өлкөнүн жети штатында жайылууну улантууда.

2233750
Нигерияда  Ласса ысытмасынан каза болгондордун саны жылдын башынан бери 22ге жетти

Нигерияда жаныбарлардан адамдарга жугуучу Ласса ысытмасынан каза болгондордун саны жылдын башынан бери 22ге жетти.

Ласса ысытмасы  эпидемиясы өлкөнүн жети штатында жайылууну улантууда.

Жылдын башынан бери өлкөдө Ласса ысытмасына шектелген 484 учур аныкталды. Жасалган тесттердин 143ү оң чыккан.

Бул убакыт аралыгында эпидемиядан каза болгондордун саны 22ге жетти.

Өткөн жылы өлкө боюнча 190 адамдын өмүрүн алган эпидемияда өкмөт ооруну дарылоо үчүн 3 дарынын аныкталганын жарыялаган.

Мали, Того, Гана, Либерия жана Сьерра-Леоне сыяктуу көптөгөн Африка өлкөсүндө байкалган Ласса ысытмасы биринчи жолу Нигерияда 1969-жылы өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Борно штатында аныкталган.

Нигерия өкмөтү 2019-жылдын 23-январында Ласса ысытмасынан улам өзгөчө кырдаал жарыялаган.

Чычкандын заңы  аркылуу жуккан оору адамдан адамга жугушу мүмкүн жана өлүмгө алып келген геморрагиялык ысытманы пайда кылат.

Жетекчилер  калкты чычкандар жана башка кемирүүчүлөр менен байланышуудан сактанууну эскертет.

 



Тектеш кабарлар