Юн Сук Ёл прокуратурага өткөрүлдү

Юн 15-январда көрсөтмө берүү үчүн кармалган, бирок көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Жетекчилердин  кийинки күндөрдө  Юнду суракка алуу аракетинен да майнап чыккан жок.

2233717
Юн Сук Ёл прокуратурага өткөрүлдү

Түштүк Кореяда 2024-жылдын 3-декабрында аскердик абалдын жарыяланышы боюнча иликтөөнүн алкагында мамлекет башчылыгынан алынып, 19-январда камакка алынган Юн Сук Ёл прокуратурага өткөрүлдү.

Аскердик абалды иликтөөнү жүргүзүп жаткан Коррупцияны иликтөө бюросу (CIO) Юнду "массалык баш аламандыкка жетекчилик кылган" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айыптар менен соттоону талап кылган.

Коррупцияны иликтөө бюросу айыптоо корутундусун даярдоо талабы  менен файлды прокуратурага жөнөттү.

Юн 15-январда көрсөтмө берүү үчүн кармалган, бирок көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Жетекчилердин  кийинки күндөрдө  Юнду суракка алуу аракетинен да майнап чыккан жок.

Түштүк Кореянын Улуттук Парламентинин  аскердик абалдын жарыяланышынын  конституцияга каршы келет деген жүйө менен кызматтан алынган  Юн аскердик абалды териштирүүнүн негизинде  15-январда камакка алынган.

Биринчи күнү 10 сааттан ашык суракка алынган Юндун  көрсөтмө берүүдөн баш тартканы маалым болду. Юн суракка алынгандан кийин убактылуу кармоочу жайга которулду.

Юн 19-январда Сеулдун Батыш райондук соту тарабынан "массалык баш аламандыкка жетекчилик кылган" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып менен камакка алынган.

Конституциялык сотто 2024-жылдын 3-декабрында аскердик абалдын жарыяланышынан улам Юнго карата козголгон доо процесси уланууда.



Тектеш кабарлар