Газага жардам фуралары кирүүнү улантууда
808 гуманитардык материалдарды ташыган унаалар кечээ Газа тилкесине кирди.

808 гуманитардык материалдарды ташыган унаалар кечээ Газа тилкесине кирди.
Израиль менен Хамастын ортосунда 19-январда күчүнө кирген элдешүүдөн кийин гуманитардык жүк ташыган унаалар Газа тилкесине кирүүнү улантууда.
Бириккен Улуттар Уюмунун гуманитардык иштерди координациялоо кеңсесинин (OCHA) билдирүүсүндө ок атышпоонун төртүнчү күнү болгон 22-январда Газа тилкесине 808 гуманитардык жардам унаасынын киргендиги белгиленди.
Келген жардамдын Газа тилкесиндеги атайын баш калкалоочу жайларга жана бөлүштүрүү борборлоруна жөнөтүлгөндугу маалымдалды.
Азык-түлүк пакеттери жана ун таратылып, наабайканаларды ачуу аракеттеринин жүрүп жаткандыгы айтылды.
Ок атышпоонун биринчи күнү 19 - январда аймакка 630, экинчи күнү 915, үчүнчү күнү 897 гуманитардык жардам ташыган унаа кирди.