Сараеводогу абанын булганышы
Сараево, «дүйнөлүк метрополиянын аба сапаты» рейтингинде абасы эң булганган 10 шаардын арасында биринчи орунга чыкты.

Босния-Герцеговинанын көптөгөн шаарларында, өзгөчө борбор шаар Сараеводо абанын булганышынан улам көрүү аралыгы азайды.
Абанын сапаты индекси (AQI) 460 деп өлчөнгөн баш калаа Сараево, «дүйнөлүк метрополиянын аба сапаты» рейтингинде абасы эң булганган 10 шаардын арасында биринчи орунга чыкты.
Баш калаа менен бирге көптөгөн шаардагы абанын булганышынын бир канча убакытка чейин улана турганы кабарланды.
Өлкөнүн көптөгөн шаарларында абанын булганышы жана коюу тумандан улам жолдордо көрүү аралыгы азайды. Айдоочуларга этият болуу эскертилди.
Балкан өлкөлөрүнүн эң кооз шаарларынын бири, тарыхый жана табигый кооздуктары менен популярдуу туристтик борбор катары таанылган Сараеводо кыш айларында көнүмүш адатка айланган абанын булганышына, адистердин айтымында, өтө эски үлгүдөгү унаалардан бөлүнүп чыккан газдар, ошондой эле жылытуу үчүн колдонулган аз калориялуу күйүүчү майлар себеп болууда.