Россия : "Харьков облусунда Западное конушун колго алдык"
Россиянын коргоо министрлиги кечээ Донецк аймагындагы Волково конушун басып алганын жарыялаган.

Россиянын коргоо министрлиги Украинанын Харьков облусундагы Западное конушун басып алганын билдирди.
Министрликтен берилген билдирүүдө Россиянын куралдуу күчтөрүнүн Украинада аткаргандары тууралуу маалыматтарга орун берилди.
Билдирүүдө орус армиясынын фронтто алдыга жылып, позицияларын бекемдеп жаткандыгы айтылып : «Батыш согуштук тобунун бөлүктөрү Харьков областынын Западное поселогун бошотушту»,- деп белгиленди.
Билдирүүдө Украинанын акыркы 24 саатта 136 аймакта ракета, артиллерия, учкучсуз учуучу аппараттар, күйүүчү май кампалары, аскерлер жана аскердик техника жайгаштырган пункттарына кол салуулардын жасалгандыгы белгиленип, Украинанын 114 учкучсуз учуучу аппаратынын Россиянын абадан коргонуу системалары тарабынан атып түшүрүлгөндүгү маалымдалды.
Билдирүүдө Украина армиясынын согуш башталгандан бери 652 учак, 283 тик учак, 41 148 учкучсуз учак, 590 абадан коргонуу ракеталык системасы, 20 724 танк жана бронетехника, 1 510 көп сандаган ракета аткычтар, 20 860 гаубица жана артиллерия менен 30 миң 532 атайын аскердик унаа жок кылынды.
Россиянын коргоо министрлиги кечээ Донецк аймагындагы Волково конушун басып алганын жарыялаган.