Путин менен Трамптын жолугушуусуна даярдыктар көрүлүүдө
Рябков АКШ-Орусия мамилелерине баа берди.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков президент Владимир Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамптын жолугушуусуна ички даярдыктардын уланып жатканын билдирди.
Рябков Россия Илимдер Академиясына (РАН) караштуу АКШ жана Канада институтунда сүйлөгөн сөзүндө АКШ-Орусия мамилелерине баа берди.
АКШда Дональд Трамп 20-январда кызматка киришкенден кийин Вашингтон менен алакалардын күтүүсүз болоорун айткан Рябков: «Ак үйдүн мурдагы ээси (АКШнын мурдагы президенти) Жо Байдендин бардык жагынан үмүт бере албаганына салыштырмалуу азыр АКШ менен мамилени калыбына келтирүү үчүн кичинекей мүмкүнчүлүк бар»,- деди.
Рябков Путин менен Трамптын жолугушуусу боюнча азырынча макулдашуу түзүлө электигин белгилеп: «Бул үчүн ички даярдыктар уланууда. Вашингтондон дагы ачык жана так бир нерсе укканыбызда календарь жана уюштуруу темаларын координациялай баштайбыз»,-деп билдирди.
Орусия тарабынан АКШга дайындалган элчи үчүн Вашингтондон азырынча уруксат ала электерин баса белгилеген Рябков, бекитүүнү күтүп жатышканын айтты.