Орусия менен Өзбекстандын ортосундагы аскердик келишим
Орусиянын коргоо министри Андрей Белоусов Өзбекстандын борбору Ташкентке барып, өзбек кесиптеши Шухрат Халмухамедов менен жолугушту.

Орусия менен Өзбекстандын ортосунда 2026-2030-жылдарды камтыган аскердик тармактагы стратегиялык өнөктөштүк программасына кол коюлду.
Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Орусиянын коргоо министри Андрей Белоусов Өзбекстандын борбору Ташкентке барып, өзбек кесиптеши Шухрат Халмухамедов менен жолугушту.
Белоусов бул жердеги билдирүүсүндө, Өзбекстан тарап менен биргелешип жүргүзүлүп жаткан иштердин Борбор Азия аймагында коопсуздукту камсыз кылууда маанилүү роль ойногондугун белгилеп, «Орусия менен Өзбекстан стратегиялык өнөктөш жана көп жылдардан бери достук мамиледе болгон өлкөлөр»,- деди.
Белоусов Өзбекстан менен кызматташтыктын өнүгүп жатканын, эки өлкөнүн коргонуу тармагындагы кызматташтыгында жаңы этап башталаарын айтты.
Белоусов менен Халмухамедов жолугушуунун жыйынтыгында Орусия менен Өзбекстандын коргоо министрликтеринин 2025-жылга карата кызматташуу планына жана 2026-2030-жылдарды да камтыган аскердик тармактагы стратегиялык өнөктөштүк программасына кол коюшту.
Белоусовду андан соң президент Шавкат Мирзиёев кабыл алды.
Мирзиёев Белоусов менен жолугушууда Борбор Азиядагы аскердик жана саясий кырдаалды талкуулады.
Тектеш кабарлар

Израиль-Хамас сүйлөшүүлөрү
Катардын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мажид аль-Ансари маалымат берди.