Ирандагы Азербайжан элчилигине кол салган кишиге өлүм жазасы

2023-жылдын 27-январында болгон кол салууда элчиликтин коопсуздук кызматынын башчысы каза таап, эки коопсуздук кызматкери жарадар болгон.

2233390
Ирандагы Азербайжан элчилигине кол салган кишиге өлүм жазасы

Ирандын Жогорку соту, борбор калаа Тегерандагы Азербайжан элчилигине кол салган кишиге берилген өлүм жазасын бекетти.

Сот бийлигинин басма сөз катчысы Асгар Жихангир кол салуучунун делосунун Жогорку Сот тарабынан бекитилгенин жана өкүмдүн аткарылышы үчүн кылмыш сотуна жөнөтүлгөнүн жарыялады.

2023-жылдын 27-январында болгон кол салууда элчиликтин коопсуздук кызматынын башчысы каза таап, эки коопсуздук кызматкери жараланган. Кол салуучунун кармалганы жана окуянын жеке көйгөйлөрдөн улам болгону айтылган.

Азербайжан кол салуудан кийин элчилигинин ишин токтотуп, 2024-жылы кайра ачкан.



Тектеш кабарлар